Токтогул районда жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылын өкмөтүнө караштуу Камыш-
Башы айылында заманбап үлгүдөгү “Нанай” атындагы мечит ишке берилди. Бул
туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Мечиттин ачылыш иш чарасына Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын үгүт-
насаат жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Арпидин ажы Жороев, Токтогул
районунун баш имам хатиби Алипбай Борошбаев, айыл өкмөттүн башчысынын орун
басары Айбек Үметалиев, Бишкек жана Кара- 200гө жакын адам катышты.
Мечиттин ачылыш саамалыгында Арпидин ажы Жороев Жалал-Абад облустук
мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз карынын саламын жолдоп, демөөрчүгө
ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле жергиликтүү элди мечитте дайыма ибадат
кылууга чакырып, мечиттин адеби тууралуу маалымат берип, жаштардын адеп-ахлагын
бекемдөөдө жана терс диний агымдарга жол бербей, туура Ислам динин түшүндүрүүдө
мечит өз салымын кошооруна тилектештигин билдирди. Ал эмиТоктогул районунун баш
имам хатиби жалпы катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, элди ынтымак менен
биримдикке жана ар дайым кайрымдуу болууга чакырды. Мындан тышкары Кара-Көл
шаарынын баш имам хатиби Бектен ажы Керезбаев жана айыл округ башчысынын орун
басары Уметалиев Айбек сөз сүйлөшүп, жаңы мечиттин ачылышы менен куттукташты.
Эске салсак, “Нанай” мечити буга чейин мамлекеттик эсептик каттоодон өткөн. Кайрадан
оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, пайдаланууга берилди. Мечиттин жаңыланышына
жергиликтүү жашоочу Алмаз Ажыбеков демөөрчүлүк кылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу