ТИМдин жамааты экс-министр Эрлан Абдылдаевге көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин эмгек жамааты экс-министр Эрлан Абдылдаевге апасы Райхан Абдылдаеванын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин жамааты, чет өлкөдөгү элчиликтери, дипломатиялык кызматтары Эрлан Абдылдаевге жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Белгилей кетсек, Райхан Абдылдаева белгилүү режиссёр Бекеш Абдылдаевдин жубайы болгон. Ал 6-ноябрда оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу