Тимати Бишкектеги Black Star Burger ресторанынын расмий ачылышына келет…

Кыргызстандагы алгачкы жолу ачылган Black Star Burger ресторанынын расмий ачылышы 25-мартка белгиленди. Иш чарага Россиялык белгилүү репер, аталган франшизанын ээлеринин бири Тимати жана анын өнөктөштөрү Юрий Левитас менен Вальтер келип жалпы Бишкек шаарынын тургундарын бекер бургер тартуулашат. Мындан тышкары кечеде Black Star лейблынын ырчылары конокторго шаңдуу маанай тартуулашат. Эскерте кетсек, Black Star Burger Бишкекте 6-марттан баштап иштеп баштады, ал Азия Молл соода борборунун 3-кабатында орун алган. 25-март күнү сенин бургериңди Тимати өзү даярдайт!

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу