Тил үйрөнүүдөгү 10 кеңеш…

16 тилде эркин сүйлөгөн адамдын тил үйрөнүүнү каалагандарга берген 10 кеңеши.

Като Ломб өзүнүн xимия тармагындагы билимине карабастан дүйнөдөгү синxрондуу котормочулардын бири болуп саналат. Ал 8 тилди шаркырата которуп, жалпысынан 16 тилди түшүнүп, алар менен эркин сүйлөй алган. Ал учурда азыркыдай заманбап техника, аудиодисктер, скайп же атайы мектептер болгон эмес.

Ал өзүнүн «Мен тилдерди кандай үйрөнөм» аттуу бестселлер болгон китебинде тилди тез үйрөнүүгө катыштуу 10 кеңеши менен бөлүшкөн.

1. Тил үйрөнүүнү күнүмдүк турмушта ишке ашыруу керек! Бул спортзалда машыкккан менен бирдей: күчтүү булчуң этти кааласаңыз аларды систематикалык түрдө машыктыруу керек.

Ошол сыяктуу эле жаңы сөз менен сөздөрдү жаттап, кайталоого күнүңүздүн 10-15 мүнөтүн бөлүңүз.

2. Эгер тилди үйрөнүүгө деген кызыгууңуз тез жоголуп кетип жатса, өзүңүздүн жеке окуу алгоритимиңизди ойлоп табыңыз. Мисалы: бир аз убакыт тилди үйрөнүү сабактары, андан соң музыка угуу, эс алып сейилдеп келүүгө убакыт бөлүү сыяктуу.

3. Контекст – эң негизгиси! Эч качан сөздөрдү өз-өзүнчө жаттабаңыз, контекстте тагыраак айтканда маанилеш сөз менен бирге жатаңыз. Мисалы, «strong wind» сөзүн жасатасаңыз бир сөз автоматтык түрдө экинчи сөздү эске түшүрөт.

4. Өзгөчө дептериңиздин четине даяр фразаларды жазып аларды диалогдордо максималдуу түрдө колдонууга тырышыңыз.

5. Ошондой эле көзүңүзгө көрүнгөн баардык нерселерди которуп жүрүңүз: жарнамалар, ырдын үзүндүсү, диалогдор, баннерлер, газеттеги макалалар. Натыйжалуу ыкмалардын бири.

6. Сөздөрдү жатка айтуу, жаттоо – өтө пайдалуу ыкма. Бирок, жүз пайыз туура экендигине көзүңүз жеткенде жана мугалимдин үйрөткөн нерселерин гана жаттаңыз!

7. Даяр болгон жана колдонууга ылайыктуу фразалар менен сөз айкаштарын, идиомаларды көбүнчө жекелик жакта жазып, жаттоого тырышыңыз.

Мисалы: «I am only pulling your leg» (Мен сени гана эркелетемин).

8. Ар бир чет тилин кайдыгер үйрөнүүгө болбойт. Фильмдерди көрүңүз, адабият, газеттер менен журналдарды ошол тилдеги түп нускасын окуңуз, чет өлкөдөгү досторуңуз менен анын тилинде көбүрөөк баарлашыңыз.

9. Көптөгөн каталардан эмес, убактында оңдолбогон каталардан коркуңуз! Эч качан эч нерсени текшерүүсүз калтырбаңыз.

10. Эч нерсеге карабастан сиз тилди үйрөнөөрүңүзгө ишенимдүү болуңуз!

Жыйынтыктоочу сөз, 87 жаштагы Като Ломб өзүнүн 54 жаштагы эски досун кездештиргенде, ага жашоосун өзгөртүүчү сөздөрдү айткан «Стив сен али жашсың! Көптөгөн тилдерди үйрөнүүгө убакытың жетет!»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу