Тил албаган балага кандай мамиле жасоо керек?

Баланы тарбиялоо ооруну эмдөө сыяктуу. Мисалга, ооруну айыктырууда анын себебин аныктап алуу кажет. Ошол сыяктуу бала тарбиялоодо дагы, анын жагымсыз кылыгын таап, ага карай психологиялык изилдөө жасоо керек.

Баланын тил албоосунун себептери:

-Эң алгачкы себеп, балага ата-эне тараптан толук көңүл бөлүнбөө. Бала качан гана ага жакшы көңүл бөлүнбөгөндө, өзүнө көңүл бурдуруу үчүн, ар кандай кылык-жоруктарды жасоого умтулат.

-Экинчи себеп, ата-эне баланы кароодо, ага ар дайым тыюу сала берүү. Бала эки жаштан тарта, талпынып, өзү жасаганга аракеттенип умтулуп баштайт. Дал ошол кезде, ата-энелердин анын өзүн жасоого уруксат бербей, тыюу сала бергени туура эмес.

-Үчүнчү себеп баланын өзүнө-өзү ишенбөөсү. Ата-эне баласын ар дайым сынай берген улам, балада өзүнө ишенбөөчүлүк пайда болот. Сабак окуусунда жетишпей жатса, балага жардам берүү керек. Себеби, аны кечке сын-пикир айта берүү менен анын көңүлүнө тийип алган болосуз. Бир күнү келип, бала эч нерсе кылгысы келбей, жасабай коёт.

Демек, кандай гана кырдаал жаралбасын, балага ар дайым колдоо берип, жол көрсөтүү керек.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу