Тилек Матраимов Балыкчы шаарына мэр болобу?

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов тууралуу акыркы кезде ар кандай пикирлер айтылып, жергиликтүү калктын нааразычылыгы күч алды. Айрыкча Папан айыл өкмөтүндөгүжер маселесиндеги чыр ырбагандан ырбап кетти. Мындан бир нече күн мурда , Кара -Сууда  Тилек Матраимов акимдиктен бошоп, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына мэр болуп кетээри тууралуу кабар тараган экен. Учурда мындай маалыматты уккан карасуулуктар Матраимовдон кутулаарына  кубанышып, эртерээк кетишин каалап жатышкан кези. Азырынча Балыкчы шаарында мэрдин орду бош турат. Мурдагы  мэр Алмаз Мамбетов кечээ жакында Мамлекеттик каттоо кызматына башчы болуп  кеткен. Эми анын ордуна Матраимов барса, ахыбал кандай болоор экен. Анын бир тууганы Раим Матраимов тууралуу коомчулуктун пикири жакшы эмес. Мындан улам, Тилек мырзанын мэрликке келиши кыйынчылыкты жаратышы керек.

БУЛАК: Ачык саясат 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу