Тигиге да, буга да макул…

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов өкмөт уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. Буга дейре инвесторлор салган каражат эмне болот, аларды дагы эске алыш керек дегенди премьер-министр экөө каң- куулап жатышкан. Элдин каршылыгын керген президент уран казууга тыюу салуу керектиги тууралуу пикирин билдирген соң, Боронов дагы тоту кушчасынан баш ийкөөгө аргасыз болду окшойт. Негизи өзүнүн көз карашы, пикири жок аткаминерлер бийликтин бийик сересине чыгып алышып, анан жалтактап, мурдунан чүлүктөлгөн абалда кайда жетелесе ошол тарапка чуркап жүрө беришет.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу