Тербишалиев «Кыялды» эмне кылар экен?

Жалаң, кошоматчыларды майлуу кызматка коймойдун аягы кандай болуп бүтөрүн убагы келгенде көрөбүз. Бирок, анда кеч болуп каларын сезгенибиз менен колунда камчысы барлардын айтканы, билгени туура дебеске арга жок. Жарым жыл кыйшалаңдап колдоп койгондор эле бийликтин “шыпыргысына” айланып баратканы кейитсе деле чыдоого туура келет. Эми сөзүбүзбү чаргытпай түзүн эле айталычы. Маселен, Данияр Тербишалиев деген жигит качан жетекчи кызматта жүрүп, кайсыл убакта тажрыйба топтоду эле? Аны эч ким билбейт. Антсе да анын “жупуну эмгегин” баалаган бийлик “Кыялга” желбегей чепкен жабышып жетекчи кылып алып келишти. Бирок, дарамети жугумдуу боло элек бул мырза кантип ири эмгек жамаатын ийге келтирет болду экен деген ийри суроо коюлуп жатканы ырас. Чамасы Сагынбектин жанында коштоп жүргөнү, учурдагы кырдаалдын “каарманы” болгону үчүн сый акыга ушул тармакты энчисине алды окшойт. Арийне, бул жердин чатагы көп эле, жаны жетекчинин дарамети ишти ырбатпай жолго салууга жетер бекен? Мейли, иштесин, ага ичи тардыгыбыз жок, бирок алда канча иш билти башка бирөө келсе ‘туура болмогун ич арада айтып жатышканы да чын. Эгерде эле ушул ишеничти актап берсе Тербишалиевдин зоболосу көтөрүлмөк…

БУЛАК: Ачык сөз 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу