Темир Сариев: Куру кыйкырык салган жылаңач баатырларга ишенбешибиз керек!

Бүгүн, «Ак-Шумкар» саясий партиясынын лидери Темир Сариев 7-апрель элдик революция күнүнө карата Сокулук районунда, апрель окуясында шейит кеткен баатырларды эскерип, куран окутту. Белгилей кетсек, Бакиевдик үй-бүлөлүк кландык режимдин кулашына Темир Сариевдин салымы опол-тоодой экени жалпыга маалым. Ал күнү баардык оппозиция лидерлери камакка алынып, бийлик борбордо чогулган элди таратууга аракет кылып баштаганда Темир Сариевдин 20 миңдей  тарапташы Сокулуктан Бишкекке келип, элге кошулуп адилетсиз бийликтин кулашына негизги фактор болгон.

Темир Сариевдин бүгүнкү эскерүү күнүндө сүйлөгөн сөзүн толугу менен сунуштайбыз: 

— Саламатсыздарбы, Урматтуу агайлар, бир туугандар, ак калпакчан аталар, ак элечек кийген апалар. 7-апрель биздин элибиз үчүн, жерибиз үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн, жөнөкөй эле күн эмес, 7-апрельде кылган биздин баатырлардын эрдиги тарыхта алтын тамга менен жазылып калган күн. Биз 7-апрелде мына бул жерде олтурасыңар, дээрлик көпчүлүгү ушул жерде чогулуп, таң эрте саат сегизден баштап, жамгыр жааганына карабай ошол убактагы бийликтин коркутканына карабай келип, желекти бийик көтөрүп үндү катуу чыгарып, лакылдатып жүрөктү соктуруп, эркиндик үчүн, үй-бүлөлүк кландык башкаруудагы бийликти кулатабыз деп, чогу болуп бердиңер. Мен муну жыл сайын эскерип, ушул күнү келип куран окутканда ыраазычылыгымды билдирем. Эгер элдин күчү болбосо, элдин деми болбосо, элдин колдоосу болбосо, ал күн кантип бүтөөр экенин биз билбейбиз. Бийлик алды менен алдыңкыларын 25 жылга кесебиз деп, калгандарын түрмөдө чирийсиңер деп бизге иш козгогон. Билесиңер, 7-апрель күнү мен эрте менен Москвадан учуп келгенде беш жүзгө жакын “АК Шумкардын”, Сокулуктун жигиттери барып, тосуп алабыз дегенине карабай мени күч менен кармап келип иш козгоп УКМКга камап, саат бирге чейин сурак алган. Ал күнү ок атылып, борбордук аянтта кан төгүлдү. Бийлик качырып, кууп жатканда мен ачык айтып коеюн муну бул жерде олтургандарга. Сокулук келатат, Сокулуктун эли келатат деп, ошол аянтка чыккан биздин мекендештерибизге күч кубат берип, ошол жерден бийлик сынды. Болбосо бул жерден селдей болуп эл агып барбаганда тарых дагы, ошол күн дагы башка нукта кетмек. Азыр болсо кээ бирлер айтып жатат карандай калпты, революцияны мен жалгыз кылгам деп. Эл кылды, бизди колдогон, бизге ишенген. Ошол учурда биз оппозиция болуп башында турдук, ошонун бири мен болдум. Мына элибиз колдоп, биздин багытты туура деп таап эл колдогон үчүн биз жеңишке жеттик. Ал жеңиш, элдин жеңиши болду, эрдиктин жеңиши болду. Мына Сокулук районунан он эки азаматыбыз окко учту. Апрелдин тогузу, ону Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турганда, ар-биринин үйүнө келдим, жубайлары, балдары олтурушат, ар-бир үйгө кирип колдон келген жардамды берип, куранын окуттум. Биз шейит кеткен баатырларыбыздын көбүн Ата-Бейитке койдук. Анткени Ата-Бейитте 37-жылкы репрессияда күнөөсүз биздин эркиндигибиз үчүн, мамлекеттүүлүгүбүз үчүн, кыргыздын тили үчүн күрөшкөн, улут үчүн күрөшкөн биздин ата-бабаларыбыз ошол жерден атылып кеткен. Ошол жерге кийин эстелик коюлган. Ошол улуу адамдарыбыздай эле эрдик кылышты деп, апрель баатырларын алып барып Ата-Бейитке койдук. Мына жыл сайын ошол жерге барып куран окутабыз. Ал жерде улуу инсан, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дагы сөөгү коюлган. Мына ошондой ыйык жерден, орун алды. 400 гө жакын мекендештерибиз жаракат алды. Көптөрү кийин ошол алган жаракаттан улам шейит кетишти, каза болушту. Мен ошол өтүп кеткен баатырларыбызга, “Ак Шумкарчыларга” терең кайгыруу менен көңүл айтып, арбактары ыраазы болсун, жаткан жерлери жайлуу болсун, ыймандары саламат болсун деп көңүл айтам. Эми экинчиси, бул күндү кээ бирөөлөр өчүргөнгө аракет кылып жатат. Мен айтып коеюн, бул күн өчпөйт. Алтын тамга менен жазылып калат. Кээ бирлер азыр жазып жатат, ал күнү мас адамдар чыккан деп. Мына бул жерде олтургандар баарыңар чыктыңар, бирөө да мас болгон эмес. Ал күнү адилеттүүлүктү, чындыкты талап кылган коомдун активдүү бөлүгү коркпостон күрөшкө чыгышкан. Балким кандайдыр бир күйүтүнөн улам же атайын провакатор болуп ичкендер болгондур. Бирок жалпы калың эл октон коркпой, жүрөгүн тосуп, ошол жерге келип аягына чейин туруп берди. Анткени алдында ишенген адамдар, чоң үмүттөр бар болчу. Мен бир мисалды айтайын, эр жигиттин аты чыкпайт, аты чыкса дагы даңкы чыкпайт дейт, эгерде артында турган эли болбосо. Мен дайыма сыймыктанып айтып келем. Мынакей мен баштаган топ мага ишенип, аягына чейин туруп, ошол биздин атыбызды, даңкыбызды чыгарып, колдоп сүрөп туруп бердиңер. Биз муну унута алабызбы? Жок, эч качан унутпайбыз! Албетте, азыркы болуп жаткан окуялар мынабу кечээги эле болуп өткөн окуялар  ар-бирибиздин зээнибизди кейитип жатат. Апрель революциясында, ошол күнү койгон биздин үмүттөрүбүздүн баары аткарылып бүтө элек. Биз ушул чоң жолдун башында турганбыз. Жанагы дарыядан аккан, тоодон аккан дарыядай болуп, буркан-шаркан болуп агып келатабыз. Бирде айланып кетип, бирде ташы кулап, бирде барып суу бышып тунуп, анан жээкке келип. Баягы жерди суугарып, жер болсо элди суугарып тургандай болуп келатабыз. Биздин үмүтүбүз чоң. Кыйынчылыктар болот, биз аларды биримдик менен, ынтымак менен, эмгек менен, акыйкаттык менен, тазалык менен басып өтүшүбүз керек.

 

Мен 2017-жылы келип ушул жерден, ушул күнү Өкмөттөн кеткенден кийин айттым эле, менин кылган ишим чындык, тазалык, уятым кудайдын астында дагы, элимдин астында дагы ачык деп. Мына бүгүн тарых тастыктап олтурат. Мен бир гана нерсени айтып коеюн. Ошол убакта Сариевден коркуп, чочуп, бул чечкиндүү экен, иштерман экен, иштин көзүн билет экен, тайманбайт экен, беттегенин алат экен, кийин ээ боло албай калабыз алыбыз жетпей калат, сөзүбүздү укпай кетет деп, кайдагы бир жаман ушакты таратышып, парламент менен өкмөттү карама-каршы коюп, мени кеткенге аргасыз кылды. Мен ошондо башымды бийик көтөрүп туруп айттым, мен өзүмдүн чындыгымды тактап беремин, тастыктап беремин деп. Мына бүгүн Кыргызстанда бир топ жолдор салынып жатат. Мына бул Бишкек-Кара-Балта жолу үч жылдан бери салынып жатат. Эки жарым жыл болду башталганына. Бир чакырым жолу бир жарым миллион доллар. Мен кеткенден кийин башташты. Ал эми Сариев баштаган Балыкчы-Корумду жолу ушундай эле төрт саптуу жол, ушундай эле 104 кө чейин көпүрө бар, айылдарды аралап өтөт, бир чакырым жолу 747 миң доллар. Эки эсе арзан болуп жатат. Түндүк-түштүк жолун салып жатат, бир чакырымы үч жарым миллион доллар, беш эсе кымбат. Эгерде мен турганда ал жолду убагында бүтүп коймокмун. Бүгүн барып көрсөңүздөр, эң сапаттуу, эң тез салынган ошол жол болуп олтурат. Муну Канат Исаев убагында сүйлөп алып, мурдагы жылкы президенттик шайлоонун алдында атайын мага келип, видео аркылуу сүйлөп берди. Ошол убакта Атамбаевдин куралы болуп, туура эмес сүйлөп алганын, жалаа жапканын мойнуна алды. Мен ишенем, ошол жол бүткөндөн кийин дагы айтат Сариевдин кылган иши деп. Актангым келбейт, мен тактык үчүн айтып жатам. Эми сөзүмдүн акырында айтарым, урматтуу мекендештер, урматтуу туугандар биз азыр биримдикти, ынтымакты кармашыбыз керек. Куру кыйкырык салган жылаңач баатырларга ишенбешибиз керек. Анча-мынча өйдө-ылдый сөздөрдү чыгарып чуу салып, элдин ынтымагын бузабыз, элди экиге бөлөбүз дегендер бар. Мына жакында президент Сокулукка келип кеткенден кийин атайын комиссия түзүлүп, комиссиянын жыйынтыгы чыкты. Мен 2005-жылы айтып жүргөн сөз, мына бүгүн дагы тастыкталып олтурат. Жерлерди, шаар четиндеги жерлерди ар-түрдүү куру кыйкырыкка, куру шылтоого жамынып алып жердин баарын, сугат жерлерге чейин сатып жатат десем, Сариев экиге бөлүп жатат, Сариев оштуктар келиптир, кетсин деп жатат деп мени жаман көргөзтүрүп айтышкан. Бүгүн ошол коопсуздук кеңешинде түзүп келген комиссиянын жыйынтыгы менен, ошол убактан бери орун алган мыйзам бузуулар, жерлердин мыйзамсыз сатылып жатканы далилденип олтурат. Ошол үчүн мен айтып коюшум керек, Сариев эч качан бөлгөн эмес, Сариев дайыма өзүнүн ачык сөзүн тайманбай, эч нерседен коркпой айтып келген. Мен эч качан бирөөнүн артына жашынган эмесмин, жашынбайм. Кандай кырдаал болбосун тууну көтөрүп, астында туруп келгем. Эгер бирөөнү камайм десе, аны камаба мени кама деп тургам. Ал эми кээ бирлер үйүндө жатып алып, баары бүткөн соң келип дасторкондун башында тургандар бар. Андыктан ар-дайым чогуу бололу, бир бололу, дагы бир жолу мен элимдин колдоп-сүрөп турганына, эң негизгиси ишенип турганына терең ыраазымын. Алдыда дагы чоң күрөштөр бар, мен ишенем бир болобуз, чоң үмүттөргө бирге жетебиз!

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу