Темир Сариевди таштап кетишкен саясатчылар тобунун билдирүүсү: “Биз Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин саясий блогун колдоону туура көрдүк”

Билдирүү
Биз, төмөндө кол коючулар, элибиздин алдында жоопкерчилигибизди толук сезе билүү
менен билдирүү жасайбыз.
Мамлекеттибиздин жаңы тарыхында биз бир адамды гана президентке шайлабастан
өлкөнүн келечекке болгон багытын тандап жатабыз. Мекенибиздин кандай өнүгүү
жолунда бара жатышы ар бирибизди ойлондурбай койбойт.
Шайлоо жүрүшүнүн аяктоо мезгилиндеги өтө кооптуу түзүлгөн кырдаал биз саясатчы эле
эмес, өлкөнүн жарандары катары дагы болуп жаткан окуяларга унчукпай кайдыгер
карабастан, өзүбүздүн жарандык позициябызды ачык билдирүүгө милдеттүүбүз.

Азыркы учурда маарага биринчилердин болуп жете турган негизги эки талапкер анык
болуп калды. Алардын бири азыркы бийликтин саясатын уланта турган, өлкөнүн
социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн төмөндөшүнө учураткан, укуктук
башаламандыкка, коррупциянын гүлдөшүнө жана коомубузду ажырымга алып келген
бийликтеги КСДП партиясынын өкүлү С. Жээнбеков болуп саналат. Ошол эле учурда
өлкөбүздө альтернативдик тазалануу, жаңылануу жана прогрессивдүү өнүгүү жолун
сунуштап, өзүнүн айланасына элибиздин басымдуу бөлүгүн бириктирип жаткан Ө.
Бабанов болуп жатат.
Бүгүнкү режимдин баардык айла-амалдарды колдонуу менен бийлигин сактап калуу
аракети анын накта жүзүн көрсөтүп койду. Азыркы күндө бийликтин атынан чыккан
талапкердин пайдасына баардык жерлерде административдик ресурстарды, сот
системасын, укук корго органдарын, борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларын,
кара пиарды пайдаланып, эркин сөзгө басым көрсөтүлүп жатканы айдан ачык болуп
калды.
Адамдын укугу жана эркиндиги, сөз эркиндиги жана тандоо приоритетиндеги светтик,
өнүккөн жана укуктук мамлекетте жашоо баарыбыздын максатыбыз.
Биз шайлоо процессинин баардык катышуучуларын өзүлөрүнүн жеке амбициялары
жана кызыкчылыктары үчүн коомубузду бөлүп-жарылууга учуратпастан, элибизге эркин
ойун билдирүүсүнө жана өз ыктыяры менен тандоо жасашына мүмкүнчүлүктөрдү түзүп
беришин сурайбыз. Биринчи кезекте биз өлкөбүздөгү тынчтыкты жана стабилдүүлүктү
камсыздашыбыз керек, бүткүл улуттук келишим процессин баштоону жана коомубузду
бириктирүү диалогуна керектүү кадамдарды таштоонун керектигин баса белгилейбиз.

Бүгүнкү күндө түзүлгөн саясий оор кырдаалда, бийликтин басымына карабай, коомдун
альтернативдик жаңылануу багытын сунуштаган Өмүрбек Бабанов менен Бакыт
Төрөбаевдин саясий биримдигинин артыкчылыгы көрүнүп турат. Коомдогу жагдайларды
жана саясий кырдаалды эске алып, биз Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин
саясий блогун колдоону туура көрдүк жана баардык саясий күчтөрдү биз менен
биригүүгө, ал эми өлкөнүн жарандарын тазалануу, жаңылануу жана реалдуу реформа
жолун тандоону сунуш кылабыз.
Ибраимова Э.С
Джекшенкулов А. Д.
Иманкулов М.М
Болотбеков Б.Б
Мамбетов М.С.
Мирзаматов Р.М.
Кочкорбаев И.Н.
Аккулов А.
Жоробеков Т.
Алымкулов Б.К.
Нуралиев М.А.
Кылжиев С.А

Аргумент.kg
Жооп калтыруу