ТЕМИР САРИЕВДИН МЕЗГИЛИ КЕЛДИБИ?

Жогорку Кенештин депутаты Канат Исаев азыр салынып жаткан Түндүк-Түштүк жолунан мамлекетке тийген зыяндын көлөмү 300 миллион доллар экенин айтты. Коркпой эле айтты, бирок ушундай көрүнүшкө 2015-жылы өзү көмөктөшкөн, себеби ошол кезде премьер-министр болгон Темир Сариевке “жол салган клмпанияны туура эмес тандадың” деп күнөө такты. Ошол дооматынын логикасы жок эле. Сариев эң арзан баага сала турган “Лонг Хай” деген кытайдын компаниясы менен келишим түзгөн. Эгемендүүлүктүн тарыхында мындай баа болгон эмес, ал Балыкчы-Корумду жолу. Бир километрине бөлүнгөн баасын башка жолго (формасы бирдей болгон жолдор) салыштырсак, минтип чыгат. “Чайна Роуд” деген кытай компаниянын баалары мына (4-полосалык жол). 1 километр өлчөмгө доллар менен эсептелинген. Пунктары боючн берели.

  1. Бишкек — Балыкчы (реабилитация) — 1 миллион 535 тысяч долларов
  2. Город — аэропорт «Манас» (реабилитация) — 2 миллиона долларов
  3. Казарман — Жалал-Абад (альтернативная Север-Юг) — 2 млн 597 тысяч
  4. Арал — Казарман (альтернативная Север-Юг) — 3 млн 112 тысяч

Күрдүңөрбү, 1 километри үчүн 1,5 миллион доллардан кем эмес. Эми так ушундай эле жолго «Лонг Хай» компаниясынын баасы башка. Мына.

Балыкчы — Тамчы — Корумду (реконструкция) — 747 тысяч долларов.

Бул компанияга чейин «Чайна Роуд» монополист болгон. Айырмасы чоң. Сариев түзгөн келишим эки эсе арзан, демек мамлекетке пайдалуу. Расчетторду адистер чыгарган(таблицалар бар). Бул мамлекет башкаруу ишиндеги жетишкендиктин (чеберчиликтин) белгиси. Ушундайга Сариев жеткиргенин кантип түшүнбөйсүң.

Мындай жетекчиге уюштурулган «атаканын» себеби да түшүнүктү болуп турат. Мамлекеттин казынасын колу туткактардан коргогону үчүн, жол салуу ишти коррупциялык схемадан тазалаганы үчүн муну мамлекеттик кызматтан сүрүп салышты. Сариевди ошондо жолдон чыгаруу керек эле. Чыгарышты. Эки «торпеданы» салышты — бири депутат, экинчиси ошол кездеги транспорт министри. Анан массалык каражаттын «пиары» менен шыбашты — биринчиден, Сариев «этникалык калмак экен», экинчиден, «кыргыздын душманы экен». Ушундай калпты элге жайышты. Провокация.

Биринчисин алсак, Темир Сариев солто уруусунун «чистокровный» урпагы экенин санжыра далилдеп турат (Тагай бийге 15 ата менен кошулат). Экинчисинен, кыргызга душман болгон адам кыргыз элинин казынасын «казнокраддардан» коргобойт. Салыштыруу керек десек, анда калмактын Жайсаны менен эмес, кытайдын реформатору Дэн Сяопин менен

салыштырсак таамай чыгат — бою боюнча да, иши боюнча да. Сариевдин пайдасын кантип көрбөйсүң, бул бир эпизод эмес, бул ьир мисал эмес, бул он чакты конкреттүү обүектилер. Бул кыргыз мамлекетине кайтарылган суу сактагычтар, жер үлүштөр, нефти курулуш, насостук станциялар, автотранспорттук колона, каналдар жана Ыссык-Көлдөгү төрт пансионаттар. Бардыгы 14 обьект. Ушул ишти бул бир жарым жылдын ичинде (2015-2016) аткарган. Буга чейин мындай кадамдын бирин дагы жетекчилерибиз жасаган эмес, тескерисинче, биздин жерлерибизди коңшу мамлекеттерге өткөрүп беришкен (Үзөнгүү-Кууш, Каркыра).

Обьектилерди кайтаруу бул өтө салмактуу натыйжа (көрсөң да, кармасаң да, пайдалансаң да болот). Анан дагы Сариевдин демилгеси менен Евразийский Экономический Союзга кирдик, ВВП деген көрсөткүч 4 % өстү, бюджеттин киреше жагы 23 миллиард сомго көбүйдү, чет элдик инвестициялар 216 % түздү, тендерлер электрондук форматка өттү. Ушундай жетишкендиктерди Атамбаевдин мыктылыгынан болбу десек, анда эмнеге Сариевге чейин жана Сариевден кийин мамлекетибиздин ахыбалы башкача болуп турду. Муну таблицадан даана көрсөк болот — Атамбаевдин 6-жылдык бийлигине туш келген түз инвестициялардын таблицасы мындай.

2012 год — 591 тысяча долларов (рост — 69 %)

2013 год — 965 тысяч долларов (рост 163 %)

2014 год — 724 тысячи долларов (рост 75 %)

2015 год — 1 миллион 673 тысячи долларов (рост 216 %)

2016 год — 814 тысяч долларов (52 %)

2017 год — 617 тысяч долларов (76 %)

Бир легендарлуу эсепчи айткандай, цифралар мээни «макоочулуктан» тазалайт. Ооба, тазалайт, бирок «шылуунчулуктан» тазалабайт экен. 2015-жыл (таблицаны караңыз) бул Сариевдин премьер-министр болгон жылы, бул өлкөбүзгө кошналардан бир топ обьектилерди кайтарган жыл, бул 1,5 миллион долларга түздөн-түз инвестиция алып келген жыл, бул 216 % өсүү. Атамбаевдин башка жылдарына салыштырсак эки эсеге көптүк кылат (таблицаны караңыз). Ушул бир жылдын (2015) көрсөткүчүнө жакынкы перспективада жетиш мүмкүн эмес, себеби мындайды ишке ашыра турган премьер-министр азыр жок. Мына статистиканын акыркы цифрасы — 2018-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялык агым 247 миң далларды түздү (таблицага салыштырыңыз).

Аргумент.kg
Жооп калтыруу