Темир Жумакадыров кабылган жол кырсыгынын себеби айтылды

Вице-премьер-министр бара жаткан унаа менен бетме-бет сүзүшкөн КамАЗдын айдоочусу унааны башкара албай калып, жолдун маңдайкы тилкесине чыгып кеткен.

Мындай жыйынтыкты ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгы чыгарды. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу, 25 жаштагы Чүй облусунун, Панфилов районунун тургунуна Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренеси менен ( жол коопсуздугунун эрежесин бузуу менен бир нече адамдын өлүмүнө себепкер болуу) кылмыш иши козголгон.

Патрулдук милиция кырсыка күбө болгон адамдардан тергөөгө көмөк көрсөтүүнү суранат. Эскерте кетсек 7-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров, Таласка иш сапары менен бара жатып, Бишкек-Кара-Балта жолунда жайгашкан Садовое айылынан жол кырсыгына кабылган.

Вице-премьер-министр, анын жардамчысы жана айдоочусу кырсык болгон жерден көз жумган.

Булак: jalbyrak.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу