Темирлан Ормуков: “Атамбаевди камаса, Жээнбеков жөнүндө тарыхта калгыдай эпос жазып чыгам!”

Акыркы күндөрү бир катар чиновник коррупционерлер камалып тергөө иштери башталды. Айрымдар бул көрүнүштү коррупцияга болгон катуу күрөш катары кабыл алып, элбашы Сооронбай Ханды жерге сууга тийгизбей мактаганга өтүштү. Албетте ажобуз Сооронбай Жээнбеков тарабынан жасалган коррупцияга болгон кадамдар сокку чоң сокку десек болот. Бирок коррупцияга болгон күрөштүн жыйынтыгы катары кабыл алууга али эрте жана Жээнбековду мактап, жактап чыгуу аша чапкандык болмокчу. Себеби, азыр камалгандардын үстүнөн тергөө иши гана жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы кандай болот ким билет? Балким тергелген иш сотко жетпей жабылып калаар… Мисалы, Сапар Исаков менен Албек Ибраимов берчүлөрүн лакыйта берсе сот залында дагы бир шылтоо менен акталып чыгып кетиши толук мүмкүн. Экинчиден ал жегичтерди түрмөгө камап кесип жиберүү негизги максат эмес. Эң башкысы ошол жегичтер жегенди кайра өндүрүп алуу, андан соң гана аларды эркинен ажыратып мөөнөт берүү зарыл. Ошондуктан Шарип уулунун азыркы кадамдарын алгачкы аракет катары гана кабыл алып аягын күтүп турушубуз керек. Сооронбайдын жегичтерди камап баштаганын арам тамакка семирген доңузду кулактап кармаганына салыштырсак болот. Эми ошол арам доңузду “оп-ааа” деп көтөрүп чаап тумшугундагы курч мүйүзүн майтарганда гана ажону азамат деп мактай баштасак жарашат. Азырынча ошол арам доңуздун мүйүзү болгон бирөө арашанда чалкалап жаткандан кийин учурда болуп жаткан камоолорду мен күрөш катары баалабайм… Качан гана Арашанда жаткан доңуз-мүйүз камакка алынганда «Сооронбай Жээнбеков чыныгы эл-башы, чечкиндүү ажо» деп, көкөлөтө мактасак боло-ооот… Камалгандардын ишин сотко өткөрүп, жегендерин кустуруп, тиешелүү мөөнөткө эркинен ажыратсын ошондо гана “ии коррупцияга күрөш болду” деп батабызды беребиз. Ошондуктан азыртан эле дуулдатып Сооронбай Жээнбековду мактоо бул кошоматчылык! Коё тургула алтындарым, коё тургула көкөлөтпө! Буюрса, Атамбаевди камаса, Жээнбеков жөнүндө тарыхта калгыдай эпос жазып чыгам!

Темирлан Ормуков, блогер

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу