Темирлан Бекботоев: Куулук менен келген «Пегасус» атын “Эйр Манас” деп өзгөртүп алыптыр, “Манас атадан айланып кет”-деп айткың келет экен!

«Пегасус» + Чыныбай Турсунбеков

“Пегасус” деген түрк авиакомпаниясын алып келип биздин ата-мекендик компанияларды банкроттук абалга туш кылган ким? Эмне үчүн, биздин авиакомпаниялар банкрот болуп калды? Көрсө алардын мурдатан иштелип чыккан схемасы бар тура. Жаңы келген кезде ички каттамдарга (Бишкек-Ош-Бишкек) билет баасын өтө эле азайтып 999 сомдон кылып койгон. Мындай баага биздин авиакомпаниялар туруштук бере алышкан жок.

Чу дегенде эле мамлекеттик “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы, андан соң “Эйр Бишкек” банкрот болушту. Болбосо ушул биздин авиакомпаниялар Россияда каза болгон мекендештердин сөөгүн мекенибизге бекер ташып баштаган эле.

Биздин ата-мекендик компаниялар банкрот болгондон кийин түрк туугандар чыныгы жүзүн ачып, бааны мурунку жалпы тарифке акырын көтөрүп койду. Бишкек-Ош каттамы жүргүнчүлөрдү көпкө сүйүнткөн жок. 999 сомдук билет, кийин 7000 сомго чейин көтөрүлдү. Эл аралык каттамдардын баасы дагы эки эсе көбөйдү. Мындай акыбалга көмөкчү катары Чыныбай Тусунбековду банкрот болгон тарап айтып калышат экен. Анын чын бышыгын билген деле адам жок. Бирок “Пегасус” кыргызстанга жакшылык деле кылган жок.

Мисалы мен бир кезде “Пегасус” менен Бишкек-Москва учуп калдым, 4 саат бою тамак берген жок. Тамак заказ кылайын десем баасы 10 доллар экен, жарым литр сууну болсо 3 евродон сатып алдым. Мына “Пегасустун” мыктылыгы! Дагы кийин атын “Эйр Манас” деп өзгөртүп алышыптыр. “Манас атадан айланып кет”-деп айткың келет экен.

Темирлан Бекботоев, «Мекенчил жаш» кыймылынын лидери.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу