Тележурналист Назира Кадыеваны муунткан Урмат Кубатбековдун апасы өз жазасын алабы?

НТС телеканалынын журналисти, алпаруучу Назира Кадыева 1-май күнү түнкү саат ондор чамасында өзүнүн жеке автоунаасы менен Гагарин көчөсү аркылуу күн батышты карай кетип бараткан. Ошол тараптагы үйлөрдүн жанына келип калганда «Тойота Хайлендер» үлгүсүндөгү машинаны байкабай (атайын эмес) сүзүп алат.

Машинадан айдоочу менен бир эркек жана аял чыгып, көп өтпөй унаа ээсинин уулу келип, Назира Кадыевага орой мамиле жасай баштаган. Назира Кадыеванын айтуусунда, окуя болгондон кийин беш мүнөт өтпөй кара түстөгү «Рендж ровер» маркасындагы 01 kg 001 АYЕ мамлекетгик номерлүү автоунаа токтоп, андан жашы отуз чамасыңдагы (экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын Урмат Кубатбеков деген опери) жигит келип, Назираны опузалап, андан кийин апасы Венера Макеева ортого кийлигишип, алпаруучуга кол көтөрүп, алка-жакадан алып, машинеге такап алып аябай муунткан, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, «сен мага жолугуп калганыңа өкүнөсүң, менин балама сөз сүйлөгүдөй кимсиң?!» деп ар-намысына, абииирине шек келтирген. Бир сөз менен айтканда, Назира Кадыевага моралдык басмырлоо көрсөтүп, кордошкон. Мындай адамдар өз жазасын алабы же жокпу?

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: АЗИЯnews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу