Текебаев ооруканадан абакка которулду (видео)

Кечээ «Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев №47 түрмөгө кайтарылды. Ал буга чейин Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова «Таалайбек Жапаров баш болгон ЖАМКтын өкүлдөрү Текебаевден ырайым кылуу боюнча президентке арыз жазууну талап кылып жатышат, бирок саясатчы андан баш тартты» деп билдирген.

../wp-content/uploads/2019/01/b7dbadf2-2c76-4a26-9c42-2f4a4c0560a1_hq.mp4

5-январда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч азыр президенттик аппаратта каралып жатканын билдирген. Анын алдында, басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Текебаев өзү арыз жазбаса, ырайым берилбей турганын айткан.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Кийин Маевский өзү Орусияда «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталып камалды. Жакында анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болду.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу