Текебаев менен Жапаров бириксе, бир топ саясый күчтөрдү ээрчитип кетишет

Эсибизде, 2000-жылы Феликс Кулов менен Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого тандем болуп чыгышып, бүтүндөй коомчулуктун көңүлүн бурдурушкан. Натыйжада, Аскар Акаевдин административдик ресурсу бут тоскон. Экөө жеңишке жетишпесе да, элдин жылуу баасына татышканы ырас.

Ал эми бүгүнкү күндөгү реалдуу байкоолорго назар салсак, Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун саясый рейтинги алдыга кетип, көпчүлүк катмар аларга боору ооруй баштады. Акыйкат жүзүндө күнөөсүз күнөөлүүлөр катары камакта жатышканын тана албайбыз. Тагдыр ушундай жазган экен, эки лидердин тарапташтары биргеликте митинг да өткөрүштү. Маанилүү сөздөр айтылды. Бирок, сот бийлиги тарабынан акыйкаттуу чечим кабыл алынбаганы өкүндүрүүдө. Булардын түрмөдөн чыкпай жатышы саясатка айланып калды. Байкалып эле турат, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаев менен Жапаров чоң күчкө айланары, эгерде тандем түзүшсө, башкалар да, олигархтар да колдоп кетиши турган иш. Кыргыздар жокчулукка, социалдык көйгөйлөргө чыдайт, ал эми акыйкатсыздык орун алса, намыс тебеленсе тынч жата алышпайт. Азырынча көпчүлүктүн ичтериндеги бук кайнап атса керек, бир күнү түп көтөрүлө колдоп кетишсе эмне болобуз? Эки лидер канчалык түрмөдө жаткан сайын саясый упай топтошуп, чыйралышып, катуу быша беришет. Азырынча Текебаев менен Жапаров бийликке каршы ачуу пикирлерин айтпай турушат. Эгерде оппозицияга өтүшсө, коомчулуктун колдоосу мындан дагы күчөйт.

Айтмакчы, учурда оппозициянын башында Алмазбек Атамбаев турат. Бийликке нааразы болгондор тымызын түрдө ал тарапка өтө турганы белгилүү боло баштады. Азырынча бир канча саясый топтор экс-президент менен сүйлөшүүгө кызыкдар болушканы, жакынкы күндөрү таанымал адамдардын «Медиа Форумга» ачык эле каттай баштарын эшиттик. Бийлик үчүн Атамбаев олуттуу душман экени, жадагалса күтүүсүз кадамдарга да барышы ыктымал. Ал азыр компроматтарды топтоп, ачуу пикир айтканга камынып жатыптыр…

Дал ушундай жагдайда Текебаев менен Жапаров да радикалдуу мүнөзгө өтүп кетишсе, аягы кандай болот? Түрмөнүн жабылган эшиги эртеби-кечпи ачылат. Кызыгы, Атамбаев даярдап аткан «ашты» өзү жебей калышы мүмкүн. Кайра анын бийликке келишине жол жабык. Дал ушундай шартта Текебаев менен Жапаров биригүү ынтымагына барышса, экс-президенттин жасаган «эмгектерин» өздөрүнө оодарып кетүүгө шанс бар. Анүчүн активдүү иштеш керек…

Баргы Кусейинов

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу