Текебаев менен Жапаровдун тарапташтары митингге бирге чыгышат

Атамбаевдин тушунда “саясий куугунтук” таап камакка алынган Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров эл ишеним арткан азыркы бийликтин тушунда деле абакта калып, адилеттик таппай турганына көптөрдүн ичи чыкпай жатканы белгилүү. Көп убакытка чейин коомдо бийликке жакшы эле үмүт болуп, ал турсун бийликти оңду-солду мактап да жибергендер көп болгон. Сыягы, акыркы үмүттөр суу септи окшойт. Эки лидердин тарапташтары биригип 23-апрелде митингге чыкмай болушту. Бул тууралуу «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков айтып чыкты. Аспеков Садыр Жапаровдун тарапташы катары көптөн бери белгилүү. «Жакын арада Бабанов учуп келем деп жатат, Атамбаев болсо оппозицияга кирди. Ага жаңы душмандын эмне кереги бар? Көптөгөн саясий камактагыларды быйыл абактан бошотту, бирок электораты көп, күчтүү инсандарды бошотпой жатат. Бийлик алардан коркуп жатат», — дейт Мелис Аспеков. Буга чейин Текебаевдин колдоочуларынын көч башы болгон Болот Шер, Текебаевге адилеттик чечимдер бийлик тараптан болбосо митингге чыгышаарын айткан болчу.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу