Текебаевди соттогон Айбек камалабы?

Айрымдардын пикири боюнча  эрки жок, айдаган жакка кете берген адилетсиз сот катары Айбек Эрнис уулу тарыхта калчудай болуп турат.  Анткени эч бир далили жок, эл аралык шылуундун арызынын негизинде Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткандыгы коомчулуктун басымдуу бөлүгүнө маалым.  Эгерде Текебаевдин иши кайрадан каралып, акталып чыга турган болсо сот Айбек Эрнис уулунун тагдыры эмне болот?

Президент сот системасын реформалоо  керектигин дайыма  баса белгилеп келет. Сот реформасы башталгандан бери бир канча адилетсиз соттордун устунон кылмыш иштер козголуп, кээ бирлери сөгүш алгандары баарыбызга маалым.

Мурунку бийликтин тушунда Манас Арабаев соттордун устунон куратор болуп, Атамбаевдин саясий кызыкчылыгына сотторду  мажбурлап чечим чыгартып келгени байма-бай айтылып келген.

Бирок, мындай кысымга баш ийип калбай мыйзамдын гана негизинде адилет чечим чыгарган соттор да жок эмес.

Курманкул Зулушов, Клара Сооронкуловалар бийликтин айтканына каршы туруп,  адилеттүү  чечим кабыл алышкан. Ошол кадамдары үчүн  бийлик тарап аталган сотторду куугунтуктап, жумуштан бошоткон.  Өздөрүн мыйзам үчүн гана кызмат кылууга алып барган бул соттор тарыхта калаары турган иш.

Демек ушул окуялар соттор адамдын тагдыры менен ойнобой, мыйзадын негизинде гана чечим кабыл алышы керек экендигин дагы бир жолу айгинелеп салды.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу