Текебаевди, Жапаровду соттогондор эми бозала болуп турган кези…

Соттордун тамагына аш барбай калды

Бүгүнкү күндө соттор эле шапар тээп жыргап жатат дегендин өзү калпыс болуп калганы ачык сезилүүдө.

Анткени реформа дегенди эмес, жогору жактын буйругун “хоп” деп аткарууга умтулган соттордун айласы кетип жатканы боюнча талаштуу сөздөр тегин жерден чыкпаса керек. Маселен, өткөн бийликтин мезгилинде он эки жылга соттолгондор азыр кайда? Албетте, боштондукка чыгышып, кайра эле жаагын жанып киришпедиби улуу жүрүштөргө, чынбы? Ушундан улам кызыл шапке башкасына алмашып калганы айдан-ачык коомчулукка билинди. Демек, дагы башка “чечкиндүү” кадамдар болору айныксыз.

Ал эми ошол эле Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду соттогондор эми бозала болуп турган кези. Керек болсо аларды эртең, же бүрсүгүнү жазага тартып коюшу ыктымал. Бекболот Талгарбековду чыгара салсак бирөөнүн мурдунан куртун түшүрөт деп делбе тап болгондор ого бетер күйүгүп калышты. Мындан улам далай соттордун “башы” кетээри айкын болуп баратат. Тилекке каршы учурдагы соттордун деле жүрөгүнө аш барбай түйшөлүп турушат. Анткени алардын тагдыры деле “тегирменге” салынып кетпейт деп тобокелчиликке баруунун өзү осолдук деп эсептелет. Үстү жактан кандай шыбыш келет деп байырлап калган “шордуу” соттордон дагы эмнени күтөбүз. Манас Арабаевге түспөлдөш бирөө азыр ак үйдө жок дегенге эч ким ишенбейт. Айтор, кайда барба Эштектин жайына туш келесиң дегенге көнүп кетпесек экен…

Булак: Ачык сөз гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу