Текебаевди бошотуу өтүнүчү президенттик аппаратта каралып жатат

Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч учурда президенттик аппаратта каралып жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн.

“Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.

Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон.

Бирок айрым юристтер Текебаев ырайым сурап президентке өзү кайрылышы керек деген пикирин айтышкан.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга айыпталып, сегиз жылга кесилишкен.

Кийин Маевский өзү Орусияда «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталып камалды. Жакында анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болду.

Булак: Азаттык

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу