Текебаевдин иши БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде каралат

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши тууралуу документтер БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине тапшырылды.

Бул жөнүндө «Адилет» укуктук клиникасы маалымдады. Ага ылайык, Текебаевдин иши комитеттин кароосуна кезекке коюлду, бирок азырынча качан каралары так белгисиз.

Мурдараак «Адилет» клиникасы “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн Жогорку cотко жиберген. Клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча өтүнүч жаңы жагдайга — Кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу берилди.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу