“Текебаевдей эки жүздүүнү көргөн эмесмин” деген Ташиевге журналист жооп берди…


“Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев партиялашы Аида Салянованы жактап, анын камалышын саясий куугунтукка байлап, мыйзам бузулганын айткан. Ал эми саясатчы, “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев  “Өмүрбек Текебаевдин комментарийин мен да окудум. Мынчалык эки жүздүүлүктү мен такыр көргөн эмесмин” деген сөзүнө Текебаев менен маек курган журналист Динар Турдугулова жооп берди:
Камчыбек Ташиев мырза, Сиздин Текебаевдин Салянова тууралуу маегине карата берген интервьюларыныз, жазган постторунузду окуп, мен да Сизге жооп жазуума туура келди.
Камчыбек Кыдыршаевич, Омурбек Чиркешович Сизди жакшы коруп, ар дайым «укам» деп мактап, жакшы создорду айтып журот. Сиз «убагында бизди колдогон жок» деп айтып жатасыз. Бирок, Текебаев сизди «камалсын» деп дагы айткан эмес. Сиз Чынгыз ханды туурап, колдоочуларыныз менен ак уйдун тосмосунан секиргенинизди Кыргызстан эле эмес, бут дуйно коргон. «Бийликти басып алууга аракет кылды» деп, 15-20 жылга кесиле турган кылмыш болгонуна карабай, «бейбаштык» беренесине которуп, чыгарып жиберишти. Бул учун ошол кездеги бийликке ыраазы болсонуз дагы болот. Садыр Жапаровдой, Бектур Асановдой, Кубанычбек Кадыровдой кылып, 10-15 жылга соттоп жиберсе эмне кылмаксыз? «Салянованын озу эмес, ал жокто анын милдетин аткарып жаткан орун басары Ген.прокурордун атынан иш козгоп койду, бул мыйзамсыз» деп айтып жатасыз. Чын эле ошондой мыйзамсыз болсо, анда бул тагдырдын Сизге берген белеги турбайбы. «Иш мыйзамсыз козголгон» деп, Жогорку сотко кайрылыныз, акталыныз. Бугунку бийлик менен мамилениз деги жакшы. Сооронбай Шарипович менен шайлоо маалында жетелешип журуп колдогонсуз. Салянова бийликтен кеткенден бери 5 жылдан ашты. Озунузду актап, жузунузду жарык кылып албайсызбы?!.
Текебаевге суроо берип, интервьюну мен алдым эле. Ага капа болуп, соз тийгизгенинизге озумду бир аз куноолуудой сезип турам. Менин оюмча, Камчыбек мырза, Сиз Текебаевдин айткан создорун туура эмес тушундунуз. Ал «Салянова куноолуу», же «куноолуу эмес», «кылмыш жообуна тартылсын», же «тартылбасын» деген жок. Болгону, «Конституциялык палата тузуп кеткен прецедентти эске алалы, сот Конституциялык палатанын чечимин эске алуу менен Салянованы камакка албаш керек эле» деп айтты. Озунуз билесиз, Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги жок. Бирок, ошого карабастан, Конституциялык палата Конституцияда коргозулгон адамдар кызматынан кеткенден кийин дагы куугунтукталбашы учун «экс-президентке кол тийбестик укугу болуш керек» деп чечим чыгарды. Демек, иммунитети бар башка кызмат адамдары дагы: депутаттар, судьялар, Ген.прокурорго дагы бул талап, шарт бирдей тарашы керек. Текебаев «мыйзам жок болсо дагы, Конституциялык палатанын чечимин соттор жетекчиликке алып, эске алып чечим чыгарыш керек» деп гана оюн айтты. Ал ой эмнеге сизди териктирди, тушунуксуз болуп жатат. Сиз ак уйдун тосмосунан секиргениниз боюнча Салянова эмес, башка Ген.прокурор болсо дагы созсуз иш козгомок…

Сизди урматтоо менен карындашыныз Динар Турдугулова

БУЛАК:  kalys.media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу