Ташиев 20 жылга кесилмек, бирок аны “бейбаштык” беренеси менен кутултуп жиберишкен…

Камчыбек мырза, сиздин Текебаевдин Салянова тууралуу маегине карата берген интервьюларыңыз, жазган постторуңузду окуп, мен да сизге жооп жазуума туура келди.
Камчыбек Кыдыршаевич, Өмүрбек Чиркешович сизди жакшы көрүп, ар дайым «үкам» деп мактап, жакшы сөздөрдү айтып жүрөт. Сиз «убагында бизди колдогон жок» деп айтып жатасыз. Бирок, Текебаев сизди «камалсын» деп дагы айткан эмес. Сиз Чынгызханды туурап, колдоочуларыңыз менен Акүйдүн тосмосунан секиргениңизди Кыргызстан эле эмес, бүт дүйнө көргөн. «Бийликти басып алууга аракет кылды» деп 15-20 жылга кесиле турган кылмыш болгонуна карабай, «бейбаштык» беренесине которуп, чыгарып жиберишти. Бул үчүн ошол кездеги бийликке ыраазы болсоңуз дагы болот. Садыр Жапаровдой, Бектур Асановдой, Кубанычбек Кадыровдой кылып, 10-15 жылга соттоп жиберсе эмне кылмаксыз?

«Салянованын өзү эмес, ал жокто анын милдетин аткарып жаткан орун басары башкы прокурордун атынан иш козгоп койду, бул мыйзамсыз» деп айтып жатасыз. Чын эле ошондой мыйзамсыз болсо, анда бул – тагдырдын сизге берген белеги турбайбы. «Иш мыйзамсыз козголгон» деп Жогорку сотко кайрылыңыз, акталыңыз. Бүгүнкү бийлик менен мамилеңиз деги жакшы. Сооронбай Шарипович менен шайлоо маалында жетелешип жүрүп колдогонсуз. Салянова бийликтен кеткенден бери беш жылдан ашты. Өзүңүздү актап, жүзүңүздү жарык кылып албайсызбы?!

Текебаевге суроо берип, интервьюну мен алдым эле. Ага капа болуп, сөз тийгизгениңизге өзүмдү бир аз күнөөлүүдөй сезип турам. Менин оюмча, Камчыбек мырза, сиз Текебаевдин айткан сөздөрүн туура эмес түшүндүңүз. Ал «Салянова күнөөлүү» же «күнөөлүү эмес», «кылмыш жообуна тартылсын», же «тартылбасын» деген жок. Болгону, «Конституциялык палата түзүп кеткен прецедентти эске алалы, сот Конституциялык палатанын чечимин эске алуу менен Салянованы камакка албаш керек эле» деп айтты. Өзүңүз билесиз, Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги жок. Бирок, ошого карабастан, Конституциялык палата Конституцияда көргөзүлгөн адамдар кызматынан кеткенден кийин дагы куугунтукталбашы үчүн «экс-президентке кол тийбестик укугу болуш керек» деп чечим чыгарды. Демек, иммунитети бар башка кызмат адамдары дагы депутаттар, судьялар, башкы прокурорго дагы бул талап, шарт бирдей тарашы керек. Текебаев «мыйзам жок болсо дагы, Конституциялык палатанын чечимин соттор жетекчиликке алып, эске алып чечим чыгарыш керек» деген гана оюн айтты. Ал ой эмнеге сизди териктирди, түшүнүксүз болуп жатат. Сиз Акүйдүн тосмосунан секиргениңиз боюнча Салянова эмес, башка башкы прокурор болсо дагы сөзсүз иш козгомок…

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу