Ташиев «котур ташын» ачыкка чыгарды…

«Ата-Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камалышын саясий куугунтук жыттанаарын, мыйзам бузулганын билдирди. Мындай жагдай Ташиевге жакпай калган экен, бизге сайгандай чырылдап жиберди. Түз эле «Салянова башпрокурор катары биздин депутаттык укугубузду бузуп, камап жатканда эмнеге Текебаев мыйзам бузулганын айтып чыккан эмес? Ал татыктуу жазасын алууга тийиш»- деп Текебаевди бетен алды. Күйүп-бышкан Ташиев: «Экс-башпрокурор катары сылык-сыпаа мамиле кылуу керек имиш. Текебаевдин логикасы боюнча Саляновага медаль бериш керекпи? Мынчалык эки жүздүүлүктү мен такыр көргөң эмесмин»-деп каңырык түтөтүп, эски кегин эстеп,»котур ташын»ачыкка чыгарды.

БУЛАК: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу