Ташиевдин эмгеги эске алынбайбы?

Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин аброю абдан жогору. Президенттик шайлоодо СДПКдан чыккан талапкер Сооронбай Жээнбековго болгон аракети менен жардам берип, чуркап жүрдү. Эми ошол Камчыкеге вице-премьерликти берип койсо деле жарашмак. Жеңиш Разаковдун колунан кокон тыйын келген эмес, мындан кийин деле келбейт. Ага караганда Ташиевдин иш тажрыйбасы, көрөгөчтүгү көп пайда алып келмек. Сыягы, Жээнбековдор Ташиевди кызматка алып келгенден коркушкан окшойт. Түштүктө аларга Караганда Ташиевдин таасири күчтүү экенин эл-журт жакшы билет эмеспи. Эми жөн отурбай элге кызмат кылайын деп, Сооронбай Жээнбековдон бир кызмат сурап алсын да. Убакыт өтүп баратат. Убакыт өткөн сайын Камчыкенин саясаттагы таасири төмөндөп бара жатат. Бабанов досу болсо коркуп келбей койду. Негедир Бабановдун өлкөгө келиши боюнча сценарийде Камчыке бийлик тарапка иштеп берди көрүнөт. Учурда коомчулукта ушундай божомолдор бар…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу