Таттууга болгон көз карандылыкты кантип жеңсе болот?

Диетолог адистин айтымында, таттууга болгон көз карандылыкты физикалык активдүүлүктү күчтөндүрүп жана туура тамактануу менен жеңсе болот экен.

Таттууга болгон көз карандылыктын себеби-бул анын май сыяктуу даам бергендиги менен байланыштырат. Ошондуктан, адамдар аны кайра-кайра жегиси келе берет.

Муну менен бирге ал таттуулар табигый антидепрессант катары болгондуктан, аны жегенден кийин адамдар бир нече убакытка болсо дагы маселелерин унуткарып коёт.

Күндүзү таттууларды сатып алып жегендин ордуна, бадыраң, помидор жемиштерин жеген алда канча пайдалуу экендигин адистер эскертет.

Учурда адамдар таттуу көп жегенден улам, аларда метоболизмге байланышкан оорулар көп болуп жаткандыгы менен байланыштырат. Жыйынтыгында, адамдарда ашыкча салмак пайда болот.

Таттууну азайтуу учүн, адистер эң жакшысы спорт менен машыкканды сунуш кылат. Анткени, спорт менен машыгуу менен сиз мээдеги эндофрин гармонун жакшы иштөөсүнө турткү болосуз. Көрсө бизде- мээдеги эндофрин гармону жетишээрлик бөлүнүп чыкпай калгандыгына байланыштуу, таттууга болгон табитибиз күчөй берет экен.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу