Тарых менен маданиятты айкалыштырып…

Усманов Амирбек  Кадамжай  районунун,  Чаувай  айылында  туулган. Ленинград   шаарындагы  финансы экономиялык  институн  бүтүргөн. Статистика комитетинде иштеп жүрүп,  Кыргыз теле, радио жаатына кызматка өткөн. Адегенде экономикалык баяндамачы катары иштеп  баштап,КТРдин телекөрсөтүү тармагынын  жетекчисине чейин өсүп жеткен. 1995-жылдан “Азаттык” радиосунда эмгектенет. Жогоруда айтылган ар тараптуу, өзүнүн ишин мыкты билген  Усманов Амирбек биздин редакцияда конокто болду.

-Амирбек мырза, айтсаңыз  “Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен”- деген китепти чех изилдөөчүсү менен жаздыңыз. Эмне себептен тарых жаатына кайрылып калдыңыз?

— Кыргызстандын расмий тарыхы  бар да. Бирок мен үчүн адамдардын өмүрү аны  документтер аркылуу интерпретациялоо болуп жаткандай болду. Мыкты тарыхчылар болгону менен алар ошол нерседен чыга алган эмес,  а мен партиялык өкмөттүк документтер,  ушул токтомдор,  адамдардын жеке  тагдырына кандай из калтырды , кандай мөөр басты?  Мен ушуларды  ойлоп жатсам, доцент Кокайсл мага сунуш кылды. Мен ага   Тычтыкбек Чоротегин менен иштешүүнү сунуштадым.  Бирок, алар  тил табыша албай калып, Кокайсл экөөбүз иштешип калдык. Мен кимдерден интервью алуу керек экендигин тактап алып ишти баштадык.

-Анан мен экинчи нерсеге көңүл бургум келет.  “Күбөлөрдүн көзү менен”- деген нерсе жаралат да бирок , ал күбөлөр эмес,  алардын  балдары баяндап берип жатпайбы?  

— Себеби,   Совет өкмөтүнүн жыйырманчы жылдарынан баштап   өз жарандарына,  өз букаараларына  да ишенбөөчүлүк болуп жатпайбы? Бул алардын кемтиги,  эң  чоң кемтиги ошондо.   Алар  элди социалдык катмарларга бөлүп,   бай-кедей деп,  капиталистик  жалданма жумушчу деп таптык мамиле башталган. Сталин,  «Атасы баласына жооп бербейт»-  деп айтканы менен, 1970-жылга чейин эле ошондой ишенбөөчүлүк жарандарга уланып келди,  запкысын көрдү.  Ошол үчүн алардын тагдыры аркылуу берген,  атасынан, апасынан уккан мүнөздөмө  менимче субьективдүү болсо дагы,  алардын үй-бүлөсү  үчүн тарых.

-Сизди мисал үчүн  кээ бир тарыхчылар болобу, коомдук ишмерлер  болобу,  бир жактуу кылып салган деп күнөөлөшкөн жокпу?

-Жок, жок атыгүл алар китептин  жүз ачары болгондо,  биздин беделдүү тарыхчылар  Тынчтыкбек Чоротегин , Кыяс Молдокасымов дагы башка бир топтору  келип отуруп ушул китеп жөнүндө өтө кызыктуу бир -эки сааттык талкуулоо кылып  жакшы пикирлерин айтышты.

-Ушул эле китеп боюнча дагы бир маселе.  Бул жерде баягы тарыхты  башкача бир өңүттөн карадык деп жатасыз.  Анан ушул маселени улантыш керек деген ой-пикирлер  жаралган жокпу?   

-Ооба,  биз  Петр Кокайсл экөөбүз аракет кылып жатабыз. Аны улантуу  үчүн,  албетте китепти чыгарыш үчүн,   аны жазганга убакыт да керек. Ал эмгек. Батыш коомунда адамдар эмгегин төлөнбөсө иштебейт. Маселе ошол жакта.  Азырынча долбоорлор  жок болуп жатат. Эгерде ошондой  булак болсо  бул аябай тез бүтмөк.

-Мына сиз  көптөгөн жылдар бою “Азаттык” радиосунда жемиштүү  эмгектендиңиз. Анан кийинки мезгилде “Улуттук бир руханий көрөңгүлөр” — деген темага ооп,  көбүрөөк ошолорду жасап жатасыз. Себиби эмнеде?

-Себеби,  бизде мындай.  Мен байкагандан  айылда болобу,  же шаар жеринде болобу,   тарыхчыларды албаганда көпчүлүк эл ошол тарых менен жашап жатканын аңдабайт экен. Алардын өзүнүн өрөөнүнүн  керемет тарыхы бар экенин  аңдабайт экен. Мунун баарын тарыхчылар жазып, алар  расмий бир конондорго таянып жазышат. Ошондуктан жеке адамдын кара башындагы окуяларга кайрылып жатамын. Жеке адамдын өмүрү анын жеке  жашоосу сыртта калып жатат да. Мына ошол нерсе мени кызыктырды. Айталы,  биз  Кызыл- Кыядагы көмүр кени дейли, эгерде тарыхый китептерди же партиялык  юбилейлик мааракелер көп болгондо карасак  мынча көмүр өндүрүлгөн,  мынча адам эмгектенген деген сыяктуу материалдар.  Мисалы,  ошол эле тегеректеги айылдарга кен кандай таасир эткен. Ал кыргыздар дейли  биринчи кезекте ошол жумушчулук кесипке кандай тартылды? Аны кантип үйрөндү?  Себеби,  көчмөн элдин  психололгиясы бөлөк.  Экинчиден колективдештирүү мезгилин карай турган болсок ошондой эле Совет өкмөтүн деле айтып жатканда биз анын албетте билим берүү социалдык тармактагы өнөр жай экономикасын  түзүүдөгү  мааниси чоң.  Ошол  эле учурда адамдарды айрыкча адамдын  эмгеги жетишсиз бааланбай,  алар кандай азап менен жашаган. Ур- камчы менен иштетилип жүрүп жаңы тартипке үйрөнгөн.  Ошол үчүн менимче азыр СССР  бийлиги кулагандан кийин адамдар оңой  менен мыйзамдуу жашоого үйрөнбөй ээн -эркин жашоого үйрөнүп кеткен.

— Дагы бир жагдайга кайрылгым келет. Сиз журналист катары  адабият искусство жаатына көбүрөөк кайрылып  жүрөсүз. Кыргыз  элинин гана эмес,   чет өлкөлүк кызыктууларды берип жүрөсүз. Аныңызга кандай откликтер болуп жатат?

-Мен айтайын айыл жеринде эле эмес,  шаар жеринде дагы илимий чөйрөдөн деле эки жактуу  байланыш бар.  Себеби,  барганымда эски ырларды билген , санжыраларды билген,  жомокторду билгендер  өздөрү  угуп эле келет. Атыгүл, уламыштарды айтып келип,  жазып ал дешет.  Албетте,  баарыныкын угуп туруп, ылгап, ылгап  алышка туура келет. Буга байланыштуу  “Кыргызстан күбөлөрдүн көзү менен”- дегенди бир жигит уюштуруп,  “Тамашанын тарых күбөлөрдүн көзү менен”- деп,  Кыргызстан боюнча илимий конференция  өткөрүп,  кийинки жылы аны эл аралык деңгээлде да өткөргөн. Эми кийинкилерден айтсам,  «Полот Хандын үнкүрү», биз жакта дагы  ушундай  тарыхка байланыштуу жайлар бар деп,  Шырдакбектин  эстелиги,  Маданбектики, Туяк ырчынын  тарыхы сыяктуу темалар пайда болууда.

-Ушул темаларыңызды улантып кетип баратасызбы? Дагы эмнелер менен толуктайсыз?

-Эми алдын ала бүтпөгөн ишти айтуу кыйын. Жалпы тематикасында ооз эки,  фольклор эмес,  жер аттарына байланыштуу  уламыштар кызыктырат. Ошондой эле,  элдин турмушу. Эгерде биз алтымышынчы,  жетимишинчи жылдарды эле алсак ал бүгүн тарых. Аны ушул кезде да адамдардын оозунан  жазып алсак,  мисалы,  ошол эле айталы Радишевдикиндейчи,  “Москвадан Санк-Перетбургка чейинки”- деген саякат деп жазбадык беле. Ал эми бизде “Токсонунчу жылдан кийин менчиктештирүү кандай жүрдү? Эл ошого кандай маани берди? Элдин өмүрүнө кандай таасир берди?”- деген суроо жаралбашы үчүн тирүү  ооз эки тарых керек.

-Демек сиз алган багытыңыз,  мен түшүнүп жатам,  тарых менен маданияттын ширелмеси болот.

-Ооба, ошондой.

Акжуурат Эргешалыева

БУЛАК: argument.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу