Тамекини таштагандан бери бир жаман ой пайда болду. Бир атанын баяны

Саламатсызбы! Менин атым Азат (аты өзгөртүлдү), мага психологдун кеңеши керек. Жашоом күндөн-күнгө кызыксыз болуп баратат. Себеби, 5 ай мурун тамекини таштагам.

Күнүнө 2 пачкадан, 25 жыл чектим.

Балдарым кичинекей. Ден соолугумду сактоо үчүн чыгынып, бул адатымдан арылдым. Башында баары жакшы эле. Убакыт өткөн сайын жашоо кызыксыз болуп калды.

Чылым тартып жүргөндө кандай гана кыйынчылык болбосун, көтөрүп жана жеңе билчүмүн. Азыр өзүмө ишенбейм, алсыз жана чыдамсызмын. Жашык да болуп калдым.

Айта кетчү нерсе, кайра тамеки чегүүнү каалаган деле жокмун. Эмнегедир, жатсам — турсам өлүм тууралуу ойдон алыстай албай койдум. Мага кеңеш бересизби. Максатым — балдарымды бутка тургузуу.

Урматтуу Азат! Алгач, зыяндуу адаттан кутулганыңыз үчүн сизди куттуктайм! Анын ордуна сизге пайда алып келе турган жана жагымдуу болгон башка бир иш, хобби табууңузду сунуштайм.

Балдарыңыздын келечегин жана өз ден соолугуңуздун камын азыртадан көргөнүңүз жоопкерчиликтүү адам экениңизден кабар берет. Ал эми учурдагы абалыңызды тамекиге же аны таштоого байлабаңыз.

Баамымда азыркы абалыңыз тынчсыздануу жана депрессиянын белгилерин камтып турат (тревожно-депрессивное состояние). Бул учурда тийиштүү адиске кайрылып, бир нече мөөнөт психотерапия алуу сунушталат.

Ойлоруңузду оң жана жагымдуу жакка буруп, пайдалуу, кызыктуу жана жагымдуу иштер менен алектенүүңүз керек. Сизге ден соолук жана ийгилик каалайм!

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу