«Талтаң-талтаң» баскан Данияр Абдыкаров жоопко тартылабы?

Жалпы милициянын атын булгаган ички иштер министрлигинин орун басары Данияр Абдыкаров иштен алынды. Бир жыл бою анын дарегине массалык маалымат каражаттарында сын айтылып, Данияр мырза көптөгөн чуулгандуу иштерге катыштыгы бар экенин тастыктаган макалалар чыгып келди.

Бул дагы Атамбаевдин кадимки мафиясынын ишенимдүү лөктөрүн бири болгонун билген кишилер айтып жүргөнүнө карабай, жаңы бийликтин дагы учурунда эркелегенин токтоткон жок.

«Отпускага чыктым»деп, өкмөттүн уруксаты жок, түн жамынып чек арадан өтүп, Алматы аркылууТүркияга чарданбай тээп кеткени жалпы коомго маалым болгондон кийин гана аргасыздан министр Кашкар Жунушалиев бул жаш эркени жоопко тартууга мажбур болду десек болот.

Данияр мырза кызматтан го алынды, бирок анын мурунку былыктарын тергегенге жаңы министрдин күчү, эрки жетээр бекен деп күтүп турган кыргыз калкы калды.

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу