Талтайган саясатчылар кимдер?

 

Өлкөдөгү акыбал сыртынан карасаң тыптынч.  Бирок суунун астында билинбеген эмне деген таатаал окуялар көмүлүп жатат.

Эң негизги маселе өлкөнүн эски жана жаңы жетекчилеринин мамилелери тескери бойдон  калууда. Бираз мурдараак бир топ үлкөн саясатчылар экөөнү элдештиребиз деген аракеттер болду эле.  Бирок азыр андай аракеттерди  кылбай деле  калды өңдөнөт.

Өтө орчундуу суроо мындай бүтпөгөн карама-каршылык кандай саясий окуяларга алып келет? Атамбаев  эки революцияны мен каржылагам деп айтканы бар. Андай каршылык дагы бир көтөрүлүшкө алып келбейби деген ой пайда болбой койбойт.

Айрым саяатчылар тар чөйрөдө кээ бир конъюктурщиктер күндүзү Жээнбековдун жанында , ал эми кечин

де Атамбаевдин жанында болгон сөз ташыган информатор бар экенин   ачык эле айтып жүрүшөт. Эгер ушул чын болсо, бул эмнени билдириет?  Кийинки кезде Атамбаевдин камалышын жактагандар да көбөйдү. Өзгөчө азыркыга чейин интернетти ээлеп турган Райым Матраимовдун кайрылуусу мындай окуя жакындап калды дегендер да жок эмес.  Анын үстүнө мурунку саламаттыкты сактоо министри баш болгон бир топ үлкөн жетекчилердин камалашы мындай ойлорду күчөтүүдө.

Чындап эле экс-президент камалды дейли. Бул окуя коомчулукта жөн маалымат катары кабыл алынабы же азыркы учурда кереги жок болуп турган толкундоолорду пайда кылабы? Илгери бир орто жетекчи ким  кызматтан алынып, кимиси дайындаларын айтса эле туура келчу экен. Анын сыңарындай эскинин эскинин да жаңынын да көңүлүн калтыргысы келбегендер эмнени сезип жатышат? Ошого окшогон билермандар эгерде Атамбаев күзгө чейин камалбаса анда экс-президент такыр түрмөгө түшпөйт деп жаткандарды де эшитсе болот.  Кыскасы кыргызстандагы саясий окуялардын өнүгүшү ушул окуяга такалып калды өңдөнөт.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу