ТАЛПАГЫН ТАШКА ЖАЙУУ, БОЛГОНУ БИР СААТ!

«Раим, Раим» эле дейсиңер… Ал эми Тохтар деген адамдын атын уккандар барбы? Кезинде Шымкентти дал Раим миллионуңар Кара-Сууну менчигине сатып алгандай кылып каалашынча калчап, Казакстандын айрым жогорку бийлик адамдарын, депутаттарын, башкы прокуратура, ички иштер министрлигинин чоң чиновниктерин сатып алып, криминалдык дүйнөдө да атактуу болгон миллиардер Тохтар Тулешовду казак коомчулугу жакшы билет. Ал Раимден жүз эсе бай, жүз эсе кудуреттүү болгон. «Пиво падышасы» аталган Тулешов колтийбестиктин жана көпкөндүктүн чегинен ашып кутургандыктан жалпы Казахстанды да Шымкент сыяктуу тейлесе болот экен деген сокур кыялдарга алданып Назарбаевге каршы кутум баштап, өзүн тымызын Казахстан Республикасынын Вице-Президенти жарыялап куралдуу армиясын түзөт. Раимдикиндей килеңдеген аңги «манту кулактары» да өзүнчө армия сыяктуу куралданат. Бирок Елбасы-Назарбаев бир күндүн ичинде Тохтардын талпагын ташка жайып, чоң чиновниктерин кошо дымын чыгарбай каматып, бүт бизнесин мамлекетке өткөрүп, хан сарайларын, байлыгын конфискациялап бала бакча, балдар үйүнө айлантты. Манту кулактарынын камалганы камалып, качканы качып, кээси өлтүрүлүп таш-талканы чыкканын Шымкенттиктер таңкалуу менен айтышат.

Кыргызда жакшы сөз бар: «Бай мактанса бир жуттук, баатыр мактанса бир октук»,- деген. Бүгүн Кара-Сууну гана эмес бүт Кыргызстанды менчиктеп алгандай түр көрсөткөн Раим миллионбу, Папа Раимскийби, Раим аталыкпы же ким, иши кылса Раимди келечекте Тохтардын тагдыры күтүп тургандай. Кыргызстандын Президенти Назарбаев сыяктуу эр жүрөк болсо Раимдин империясы бир эле саатта кулайт…БОЛГОНУ БИР СААТТА… Бүт кыргыз элитасын койдой кылып бир короого мааратып, он беш миң кишиге той бердим деп мактанган Раимдерге Президенттин күчү жетеби же жокпу аны мезгил көрсөтөт…

А.Саралаев
ЧЫНДЫК 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу