Талас районунун акими болуп Замирбек Сыдыков дайындалды

Талас районунун акими болуп 39 жаштагы Замирбек Сыдыков дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров билдирди.

Сыдыков буга чейин аталган райондогу Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Райондун акими Бакытбек Нуржанов башка ишке которулганына байланыштуу январдын башында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

13 айыл өкмөттөн турган Талас району — облустун эң чоң району. Калкынын саны 64 700 адамды түзөт. Бул жерде Жерүй алтын кени жайгашкан. Буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев Талас районуна акимдикке талапкер болуп, бирок анын аракетин жергиликтүү активисттер сындап чыгышкан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу