ТАЛАСТА ӨТӨТ «КӨЧМӨНДӨР», ӨТКӨРГӨН ЖАТАТ КӨПКӨНДӨР!

Президентке жана облус жетекчисине сунуш. Нарында жүрөм. Береги сүрөттөр Нарын. Мурдагысынан ашыкча айрымаланып кетпесе да жеке өзүм байкап, ичимен ыраазы болуп, бир чети намыстанганым да болду. Ар бир аймак өзүнүн экономикалык абалын жакшыртуу үчүн салыктан башка да кошумча акча булактарды табуу өзгөчө мааниге ээ. Ал биздин өлкө үчүн бирден бир булак катары туризм болушу керек. Элес албаганыбыз менен Нарын тарапта деле туризм бир топ эле жакшы жолго коюлуптур. Шаар аралай бассаң, кафелерге кирсең чет элдик туристердин бар экенин көрөсүң. Бул абдан жакшы. Келген себеби ал жакта «Сөң көл» жайлоосу, «Ташрабат» тарыхый жайы сыяктуу кызыктырган жайлар бар. Туристер көп келгендиктенби шаар ичинде жасалгасы жакшы, заманбап, талаптарга татыктуу бир топ мейманкалар салыныптыр. 4-5 жерде бой тиреген мейманканалар турат. Тейлөө шарттары да кудум европа стилинде. Ал мейманкана ичинде чет элдик коноктордон тышкары, Кыргызстандын ар аймагынан келген көптөгөн конокторду көрүүгө болот. Мына ошондон кийин ой келди. Быйыл Кыргызстан өзүнүн бюджети менен Таласта Көчмөндөр оюнун өткөргөнү турат. Эгер өтүп калса биз таластыктар барган ички, тышкы конокторду кайда жайгаштырабыз деген. Мен билгенден, жаңылбасам Таласта талапка жооп бере турган бир мейманкана салынган жок. Анан кантип Көчмөндөр оюнун өткөргөн жатабыз, түк түшүнбөйм. Бөлүнгөн каражатка «курулат, салынат» деп жатышат. Качан, Көчмөндөр бүткөндөбү? Элестетип көргүлөчү, эми салып баштасаңар, качан бүтөсүңөр? Же баягы актап, сырдамай, желбиретип желек илмей, тоо бетине жаздырмай менен чектелесиңерби? Туура, туристер келиш үчүн, болбоду дегенде ички туризимди чакырууда мындай Көчмөн оюдары да маанилүүдүр. Бирок, келген коноктордун келгендеги абалы менен кетип кайра келээр абалын азыртан ойлонгонубуз да оң болуп жүрбөсүн. «Эшигин көрүп төрүнө өт» дейт кыргыз. Өңгөсүн айтпасак да, Өтмөк жолун оңдоп алсак болбойт беле. Машина эмес, мал чалына турган болуптур го. Чындап келсе аны өткөргөнгө абалыбыз деле жок болчу. Президент айтып жиберген экен, кара күчкө салып, каруубузду казык, жаныбызды азык кылып жатабыз. Шордуу айыл өкмөттөрдү кыйнап, бизнесмендерди торумай оюдар болсо башталыптыр. Айыл өкмөттөргө 150 миңден дешиптир деп атат. Кайдан табышат? Тапса ошону мектеп, бала бакчанын эңшерилип турган тешиктерине берсе болбойт беле? Аймакты көтөрөбүз деген аракетиңер, айыл өкмөттөрдү алсыратып, кай бирин карызданткан турасыңар. Адамча акыл эске салсак, эч нерсе куруп деле жетишпейсиңер. Демек, ала тоодой эт, ала көлдөй чык тарткан, ысырапкорчулуктун тойун өткөрөсүңөр. Ошол ысырапты жыйыштырып, өнүдүрүштү өздөштүрө албайбыз, өндүрүп чыгарып кайда сатабыз деп корксок, анда жок дегенде туризм булактарын өздөштүрбөйлүкпү? Жайкысын келе турган туристерге Манас ордонун маанилүүлүгүн арттырып, Киров суу сактагычынын айланасын акмалап көрбөйлүкпү? Кышкы туризмди да ойлонуп «Беш таш» ж.б жерлерге лыжа базасын ачууну же кайсыл бир жерге муз аянтчасын салууну пландабайлыбы? Албетте, айтканга оңой, сындагандан башканы билбейсиңер дегенче, чогуу чаран изденбейлиби? Даярга тап берип, тырмак учу менен таш түртпөгөн, аренда алып жан баккан жалкоо уулдай болуп Жрүй, Жамгыр сыяктуу кендерди акмалап жата берүүдөн чыкпайлыкпы? Жерүй кенинен түшкөн миллиондорго Таласка эмне кура алдык, жол, жарыкты айтпаганда? Сунушум СООРОНБАЙ ШАРИПОВИЧ, «Көчмөндөр» оюнун «көпкөндөр» оюну кылбай, кайсыл бир чиновниктердин колунан эч нерсе келбеген дараметин эл алдында «тойлор болоор эле» деп топук айттырма «жасалма жан бакты» саясат кылгызып олтурбай, бөлүнгөн акчаны тойу жок эле облуска бөлдүрүп берип, «курулушчу элең кургула, салгыла, пайда тапкыла» десеңиз жакшы болоор эле. Эгер Таласта туризмдин булактарын ачууга жетишсек, далай Таластын бизнесмендери да береги Нарынга салынгандай заманбап мейманкана, оюн аянтчаларын, айтор туристерге шайкеш баардык өндүрүштү облуска сүйрөп баштайт беле деген тилек. Нарындагы салынгандын баарын мамлекет салган эмес, жеке. Бирок, салганга, пайда тапканга, бизнесмендерди чакырганга туризмди шартташкан. Биз да ойлонушубуз керек. «Бизде намыс бар» деп, ар кимдин дуулдаган желдетине айланбай! Он суроону кое туралы, ушуну ойлонуп, жогору жака өкүл катары сунуш кылып көрүңүзчү Марат Молдонович!

Кунболот Момоконовдун фейсбуктагы баракчасынан алынды БУЛАК:  argument.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу