Бакай-Ата аймактык ооруканасындагы хирург Марип Ибраимов бычактан алган жаракат менен түшкөн бейтаптын кан тамырын 8 саат бою кармап турган. Ал Бишкектен бара жаткан хирургду күткөнүн Улуттук госпиталдын дарыгери Эльза Токтоназаров социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
Анын айтымында, Бакай-Ата аймактык ооруканасына 21-февралда саат 20:00 чамасында 1988-жылы туулган О.Э. бычактан жаракат алып, оор абалда түшкөн. Бейтапка дароо операция жасалып, ошол эле убакта Бишкектен кан тамыр боюнча дарыгер Жунус Акышов чакырылган. Аталган дарыгер 22-февраль күнү саат 04:00дө ооруканага барган.
Дарыгерлер операцияны ийгиликтүү аяктап, бейтаптын абалы туруктуу деп бааланып жатат. Э.Токтоназаров жарыялаган маалыматка караганда, бейтап мас абалда мушташып, анын кесепетинен бычактан жаракат алган.
Булак: «turmush.kg»