Таластагы кырсыктан соң инспектор кызматтан кетти

Эне-баланын өмүрү кыйылган кырсыкка байланыштуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Талас филиалындагы инспектору Зульфия Мусаева кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка» аталган мекеменин жетекчиси Акылбек Рыспеков билдирди. Ал кошумчалагандай, инспектор 22-февралдан тартып өз арызынын негизинде иштен кетти.

Таластын Кара-Суу айылында 20-февралда иске ууланып энеси менен кызы каза тапкан. Курман болгон келиндин жездеси Марат Ыйманбеков бул каргаша үчүн электр энергиясын төлөнбөгөн карызы үчүн өчүрүп кеткен инспекторду айыптаган. Ал эми иске ууланган балдардын бири Бишкектеги Эне-баланы коргоонун улуттук борборуна которулду. Анын абалы дагы эле туруктуу оор бойдон турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук ооруканасынын башчысы Нурдин Усупбаев билдирди. Дарыгердин сөзү боюнча балдардын экинчиси — 13 жаштагы бала ооруканадан чыгарылды.

20-февралда Таластын Кара-Суу айылында бир-үй бүлө иске ууланып, энеси менен кызы каза тапкан. Беш жана он үч жаштагы эки бир тууган ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон учурда үй-бүлөнүн ээси улуу баласын дарыгерге каратыш үчүн Бишкекте жүргөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу