Таласка ММКФ аркылуу берилген машиненин баасы парламентте сөз болду

Талас облусуна Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (МККФ) берилген автоунаанын наркы базар баасынан эки эсе кымбат. Бул маселени парламент депутаты Тариел Жоробеков Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында көтөрүп, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылды.

— Талас облусуна МККФ аркылуу «RAV-4» машинесин бердиңер. Баасы 42 миң доллар. Базардагы баасы — 20 миң доллар. Айырмасын эл сурап жатат.

Министр бул автоунаа долбоор аркылуу келгенин, тендердин негизинде алынганын айтып, баары мыйзамдуу экенин билдирди жана мыйзамдуулугун текшерип көрсө болорун айтты.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Таластагы башкармалыгына «Toyota RAV-4» автоунаасы берилгени өткөн айда кабарланган. Расмий маалыматта бул машине айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттарды, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун көзөмөлдөш үчүн колдонулары айтылган. Учурда Таласта кургак учук жана башка ооруларга каршы медицина жаатындагы үч долбоор иштеп жатат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу