Талант Узакбаев министр болобу?

Картөшкөдөн күйгөн дыйкандардын тилеги орундалып, Айыл чарба министрлигин сазга батырган Мурашев акыры барып министрликтен кетти. Кызыгы, анын ордуна куда түшкөндөр көп болууда. Бешиктен бели чыгалек мадырабаштар, айыл чарба тармагы эмне экенин түшүнбөгөн эргулдар өз талапкерлигин коюп, үлкөн кызматка жутунушууда. Негизи, бул жаатта өз эмгегин көрсөткөндөр келсе жылыш болмок. Маселен, Талант Узакбаев татыктуу кадрлардын бири.

Анткени, мал чарбачылыгы багытында үзүрлүү эмгектенип, өлкөгө очойгон салым кошту. Бизге сүт, эт берүүчү жүздөгөн уйларды алып келди. Эки мамлекетке фермердик чарба түздү. Бул чоң эмгек да. Оозун ачкан бирөөнү алып келип ал түшүнгөнгө чейин карап отургуча, тажрыйбалуу кишини карап көрбөйлүбү?

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу