Талактын сиз билбеген 7 сыры…

Талак — кызганганда, ачууланганда же күнүмдүк бир нерсе үчүн уруша кеткенде колдонуучу сөз эмес, талак — бул бирге жашоону токтотуучу сөз.

1. Эркек кандай гана абалда болбосун, оозунан талак сөзү чыкса, ажырашууга себеп болот, “билбей калдым” дегени эске алынбайт.

2. Талак – “бошоттум”, “ажыраштым” деген маанини түшүндүрөт.

3. Талактын чеги 3 гана. Тактап айтканда, эркек бир аялга үйлөнгөн мезгилде, ага өмүр боюга үч жолу талак айтууга укук берилет. Андыктан, бул укукту туура пайдалана билиш керек.

4. Эркек ажырашууну кааласа бир талак жетиштүү. 3 талакты удаа айтпаш керек, күнөөкөр болот жана кайра никени жаңыртууга таптакыр болбойт.

5. Талактын эки түрү бар:

Түз талак – эркектин оозунан бир талак чыкса бирөө, эки талак чыкса экөө түшүп калат. Мындай учурда ниети эске алынбайт. Мисалы, бир жолу “талак” деп айтып коюп, кайрадан аялы менен жашоосун улантып кете берсе, никеси автоматтык түрдө жаңыланат, бирок эсебинде бир талак калып калат.

Кыйыр талак – “бошсуң”, башың бош”, “сени менен жашабайм”, “кете бер” деген сөздөрдү ниети менен айтса түшөт, ниети жок айтса түшпөйт. Тактап айтканда, кыйыр талакта ниет эске алынат.

6. Смс же телефон аркылуу талак сөзүн айтса эсепке алынат.

7. Эгер жубайлар экөө тең макул болуп, арыз жазып соттун чечими менен ажыраша турган болсо, шарият бул соттун чечимин ажырашуу деп эсептейт, талак айтуунун зарылчылыгы жок.

БУЛАК:bilesinbi.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу