«Тайсон» тажик атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды. Беттештин видеосу

Канат Келдибеков башында россиялык Зоур Касумов менен беттешери айтылган, бирок каршылашы белгисиз себептерден улам келбей калгандыктан, тажикстандык мушкер менен кармашты.

Спорт дүйнөсүндө «Тайсон» каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков аралаш мушташ боюнча мелдеште тажикстандык Фаридин Шомуротовду техникалык нокаут менен утуп алды.

Мушкерлер кечээ Бишкекте өткөн WEF Global 14 жана Arzalet FC биргелешкен турниринин алкагында 66 килограмм салмакта күч сынашкан. Натыйжада Келдибеков биринчи раундда эле ыкчам чабуулга өтүп, атаандашынын башына бир нече сокку урууга жетишкен. Мындан улам, тажик мушкердин секунданттары сүлгүнү ыргытып, беттештен мөөнөтүнөн мурда баш тарткан белги беришкен. Ал эми рефери жеңишти Келдибековго ыйгарды.

Белгилей кетсек, Канат Келдибеков россиялык Зоур Касумов менен беттешери айтылган, бирок каршылашы белгисиз себептерден улам келбей калгандыктан, тажикстандык мушкер менен кармашты.

«Тайсон» аралаш мушташ боюнча 11 мелдешти утуп, үч ирет жеңилген. Ал быйыл WFCA (World Fighting Championship Akhmat. — ред.) лигасы менен келишим түзгөн.

Ал эми атаандашы Шомуротов муай-тай жана оксуз кармашуу боюнча Тажикстандын чемпиону.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу