Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Булар карызга алынган акчанын 20 пайызын гана жумшап, 80 пайызын өз чөнтөктөрүнө салып келишкен»

— Тазабек мырза, коррупция менен шектелип камакка алынгандар өздөрүн тазабыз деп айтып жатышат. Алардын элдин мүлкүнө кол салганына сизде шек барбы?

— Учурда коррупция менен кармалган инсандардын баардыгы элдин көзүн боёмолоп кооз сүйлөп, эл көзүнө таза инсан көрүнгөнгө аракет кылган менен көшөгөнүн артында чөнтөктөрүн элдин эсебинен кампайтып келишкен. Ошондуктан азыркы учурга элибизде илгертен айтылып келе жаткан накыл кеби тура келип турат да “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген. Ар бир адам колу менен жасаган ишин мойну менен тартыш керек. Чындыгында улутубуздун кызыкчылыгы үчүн кылымдар бою ата- бабаларыбыз кан төгүп, жанын курман чалып келишкен. Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери мамлекет деген статуска ээ болдук. Ошол мамлекетибизди көздүн карегиндей сактай албай, бир ууч адамдар талап-тоноп келет. Менин жеке пикиримде коррупция беренеси менен кармалган замандаштарыбыз ээлеген кызматын кыянатчылык менен пайдалангандар. Карызга алып жаткан акчалар экенине карабастан жыйырма пайызын гана керекке жумшап, калган сексен пайызын өз чөнтөктөрүнө салып келишкен. Бул кылыктары өтө эле уят иш. Биз эң биринчи мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга коюшубуз зарыл. Ушул кезге чейин бийликтин бийик бутагында олтурган чиновниктер билген намазын окуп келишсе, эми кылган иштери четинен билинип жатат. Мамлекетти, элди алдаган адамдар өз жазаларын татыктуу алышы шарт.

Альбина Калыкова

Булак: “Жаңы ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу