Табылды Акеров, саясат таануучу: “Экс-президент өлкөдөн акча чыгарган уйгур жигиттери менен чайлашып…»

Өткөн жумада «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов видео материалы менен коомчулукту жарды. Анда 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 миллион доллар акчанын чыгып кетишине Матраимовдордун тийешеси болгон деген материалдарды жарыя кылды. Бирок, Э. Байсалов бул фактыларды бир жыл мурун тастыктап чыгып, “Азаттыктын” журналистинин иликтөөсүндө айтылган адамдар экс-президент А. Атамбаев менен байланышы болгонун көргөзгөнү айтылды. Коомчулукта Э. Байсалов да. А.Токтакунов да бир эле материалдарды колдонгон. Бирок, А. Токтакунов Э. Байсаловдун материалдарын пайдаланып, А. Атамбаев жөнүндө ныпым сөз кылбай, жалаң Матраимовду күнөөлөгөн фактыларды таап чыгып, аны күнөөгө батырып жатканы оркоюп көрүнүп турат деп, муну заказ катары баалагандар да болду. Мына ушул чиелешкен чыр маселени чечмелеш үчүн гезитибиздин эксперти, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровду сөзгө тарттык.– Табылды мырза, А. Токтакунов чын эле заказ аткарганбы, же ал Р. Матраимовдун проблемасын көтөрүп чыгып, жеке өзүнө упай топтоп, чоң саясатка аттанып, алдыдагы шайлоолордо кайсы бир партиянын тизмесине киргени жатабы? Ушул сөздү 5-каналда И. Матраимов айтпадыбы…

– Кыргызстанда бүгүн А. Токтакуновго заказ берүүчү бир эле саясатчы бар, ал – А. Атамбаев. Себебин айтпаса деле түшүнүктүү. А. Атамбаев дайыма өзү өстүргөн Райым Матраимовду өз мөөнөтү бүтөөрү менен боорго тээп, өгөйлөгөнгө өткөн. Сапар Исаковго буйрук берип, аны Бажы кызматынын орун басарлыгынан кетирткен. Бул өтө мыкты тактикалык кадам болгон. Кызматтан алынгандан кийин Р. Матраимовду жаңы бийликке жабыштырып, бийликти коррупциялашып кетти, булар жарабай калды деп күнөөлөй бергенге даңгыр жол ачкан. Ошого ал байма-бай Р. Матраимовду өзүнөн өгөйлөп, жаңы бийлик менен байланыштырып келди.

– Туура, көпчүлүк муну Атамбаевдин заказы деп жатышат, бирок кандай түз жана кыйыр далилдер байкалат?

– Бул өтө татаал суроо. Бирок, бул маселени кечээ жакында болуп өткөн 5-каналдагы талкуунун негизги катышуучулары А. Токтакунов менен И. Матрамовдун өзүлөрүн сүрөттөп жооп бергенге аракет кылсам туура болчудай. Себеби, эки тарапты тең укканым болбосо тааныбайм жана билбейм. И. Матраимов мурда көп жылдар бою декларацияларды толтурууну көзөмөлдөп жана чогулткан Мамлекеттик кадр кызматынын Ош областтык башкармачылыгында эмгектенген. Ким-ким, бирок И. Матраимов декларацияны толтурууну мыкты билет. Али Токтакунов «Азаттык» радиосунун белгилүү корреспонденти. Көп жылдардан бери журналист катары эмгектенет. Материал даярдаганды жана аны коомчулукка таратууну мыкты өздөштүргөн. 3 жылдан бери «Азаттык» радиосунун Прагадагы борбордук офисинде эмгектенет. Эми А. Токтакуновдун материалына кайрылсак, анда ал бул билдирүүсүндө 2011-2017-жылдар аралыгында өлкөдөн 700 миллион доллар акча чыгарылып кеткенин кабарлайт. Акчалар кытайлык уйгур жигиттери аркылуу чыгарылган. Бирок, ошол эле учурда тыштан 2 миллионго жакын америка долларындагы акча жогоруда белгиленген жылдар аралыгында И. Матраимовдун «Исмаил ата» фондуна түшкөнү айтылууда. Мындан башка да декларацияга киргизилбей калган “особняк” үй, жер участкалары тууралуу айтылып жатат. Бирок, айрымдар А. Токтакуновдун бул матералынын заказ экендигин айгинелеген түз болбосо да, кыйыр түрдө далилдер бар деп чыгышты.

Биринчиден, «Азаттык» радиосу экс-президент Атамбаевдин мезгилинен тартып бийликчил ММК каражаттары катары кабылданып калган. Ал КТРКдан эч айырмасы жок болуп эле. Ал эми А. Токтакунов ошол «Азаттык» радиосунун корреспонденти.

Экинчиден, А. Токтакунов чуу жараткан материалдары жана фактылары коомчулукка буга чейин эле Эдил Байсалов тарабынан жарыяланган. Байсалов өзүнүн видео билдирүүсүндө миллиондогон долларда айтылган уйгурлар Атамбаевдин уйгур өнөктөштөрү экендигин тастыктап берген. Э. Байсалов бул уйгур жигиттер 19 жаштан 28 жашка чейин болушканын айтып, анан кантип булар менен экс-президент өнөктөш болуп калды деп таң калып, мунун сырын ачыктап коюш үчүн Атамбаевдин өзүнөн сураган эле. Бирок, эмнегедир А. Токтакуновдун материалында Атамбаев жөнүндө да, уйгур жигиттердин өтө жаш экендиги жөнүндө да бир дагы сөз айтылбайт. Башкача айтканда, бул факты А. Токтакуновдун Э. Байсаловдун изилдөөсүн билгендигинен же билсе да аны буйтап өтүп кеткиси келгендигинен кабар бергендей кабылданып калды. Ошондуктан, бул коомчулукта Атамбаевдин уйгур жигиттери кантип Матраимовдордуку болуп калды? – деген талкууну пайда кылды. А. Токтакуновдун видео материалы шек жаратты.

Үчүнчүдөн, А. Токтакунов билдирүү жасагандан 4-5 күн мурдараак Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири, ЖКнын депутаты И. Карамушкина чоң билдирүү жасаган. Анда ал Жээнбеков, Матраимовдордун байлыктарын, мүлктөрүн толугу менен мамлекеттин пайдасына алыш керек деп жар салган. Башкача айтканда, муну менен Атамбаев жана анын командасы материал эфирге дайын болуп калгандан кийин коомчулукту дайындап коюуну туура көргөндөй. Албетте, мунун баары Атамбаевдин политологдорунун кеңешинен кийин аткарылган кадам деп айтсак болот. Себеби, И. Карамушкина жөндөн-жөн эле С. Жээнбеков, Матраимовдордун мүлкүн мамлекетке алыш керек дегендей курулай билдирүү таратпайт эле да.

Төртүнчүдөн, айрымдардын айтымында А. Токтакуновдун бул видео билдирүүсү эмнегедир «Белизгейтке» окшошуп башталат. Ошондон улам, бул Атамбаевдин заказы жана Сегизбаевдер иштеп чыккан, документтерди ошолор таап берген деген сөз тарады. Анткени, «Белизгейтте» да А. Сегизбаев бир документ кагазды экс-президент Атамбаевге көрсөтүп, анан ал оперативдик табылга катары сыпатталып, Атамбаевди ишендиргиси келген. А. Токтакунов да столдун үстүндөгү базардан алынган кызыл түстөгү кездемеге тукабасы жасалган папкедеги документтерди кармалап, бул жерде өтө маанилүү документтер жатат деп элди ишендирип жатканын көрүүгө болот.

Бешинчиден, жакында 5-канал уюштурган А. Токтакунов, И. Матраимов, Э. Байсалов, А. Акматов катышкан беттешүүдө бул суроо жараткан акчалар, мүлктөр – особняк үй жана жер участкасы боюнча так түшүндүрмө берилди. А. Токтакунов өзүнүн видео материалында 700 миллион акчага И. Матраимовдун катыштыгы жок экенин тастыктады. Бирок, ошол эле маалда ошол 700 миллион акчаны чыгарган адам Түркиядан туруп “Исмаил ата” фондуна үч катары менен (2017- жылга чейинки аралыкта) 2 миллондой акча которулганын билдирди. Башкача айтканда, ошол «Исмаил ата» фондуна которулган акчалардын дарегин тактап жатканын айтты. Бирок, А.Токтакунов сөз кылган жер участогу, особняк үй  Матраимовдорго тиешелүү жана алардын документтери так экендиги аныкталып калды. Мисалы, аталган жер участогу Матраимовдун эжесине таандык болуп чыкты. Ал эми И. Матраимов жашап жаткан квартира 2018-жылы сатылып алынгандыктан, 2017-жылкы декларацияга кирбей калганы аныкталды. А. Токтакунов эфирден Матраимовдор 2 миллионго «Супер инфо» гезитин сатып алды деген сөздөр айтылып жүрөт деген билдирүүсү да И. Матраимов тарабынан жокко чыгарылды. Жыйынтыгында, А. Токтакунов кызыл кездемеде оролгон мөөр басылган алты квитанция менен эле калгансыды. Эң кызыгы А. Токтакунов видео билдирүүдө айткан особняк, жер участкасы жана «Супер инфо» гезити жөнүндөгү маалыматтар төгүндөлүп калды. Башкача айтканда материалдардын бул бөлүгү атайылап эле чуу чыгарып, шоу кылуу үчүн кошулуп калгандай болду. Болбосо, «Азаттыктын» мыкты деп таанылган журналисти өзү тастыктаган материалдары бир эле беттешүүдө туура эмес деп табылып, иштен чыгып калат деген эмнеси? Бул өңүттөн алганда, А. Токтакуновдун материалы изилдөөгө окшошпой калган. Ошого А. Токтакуновго бул материалдарды бирөөлөр дайындап берип, колуна карматып койгон деген сөздөр тарады. Ошондон улам, Атамбаевдин заказы, Сегизбаев жана башкалар дайындаган деген сөздөр көбүрөөк айтылып жатат.

– Сиз өзүңүз Э. Байсалов жана А. Токтакуновдун изилдөөлөрүн кандай деп баалайсыз?

– Менимче, Э. Байсалов да, А. Токтакунов да коом алдындагы өздөрүнүн милдетин ар кимиси өз-өзүнчө эң мыкты аткарышкан. Анткени, биздин коом азыр оорулуу абалда. Коррупция биздин коомду өзүнүн “жертвасына” чырмалып алгандай эле оролуп алып, анын күрөө тамырынан канын соруп жатат. Ошондуктан, биз ар бирибиз өзүбүз билген участоктордон коррупиялык аракеттерди көрсөк, билсек, аны коомго ачык айтып чыгып, аны ооздуктоого, түп-тамыры менен жоюуга аракет кылышыбыз керек.

– Э. Байсалов өзүнүн изилдөөсүндө А. Атамбаевге басым жасагандыгына карабай А. Токтакунов ага маани бербей койгондугу өтө кызык болуп жатат. 5-каналдагы беттешүүдө А. Токтакунов Атамбаев боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат, аны кийинчерээк жарыялайм дегендей кылды. Бул айтканына ишенүүгө болобу?

-Албетте, журналисттик изилдөөдө бардык фактыларды так изилдеп, аларга кынтыксыз жооп табылгандан кийин гана коомчулукка жарыя кылынса, жакшы натыйжа болот. Болбосо, күнөөлөнүүчү тарап билип калса, анда алар изин тазалап коюшу мүмкүн. Ошого мен да билбейм, А. Токтакуновдун материалында Атамбаевге жана уйгур жигиттерге эмнеге анчалык көңүл бурулбай калгандыгын. Бирок, А. Токтакунов муну да изилдеп, анан жарыя кылам дебедиби. Ошого бир аз күтүп туруу керек го дейм.

— 5-каналда өлкөдөн чыккан 700 миллион доллар базарда олтурган бизнесмендердин акчасы экени аныкталды. Финполдун жетекчиси да бизнесмендер өлкөдөн акча чыгаруунун ушундай жолун ойлоп табышкан деп билдирди. Бул канчалык туура? Эмне үчүн миллиондогон акчаларды 19 жаштан 30 жашка чейинки жаш жигиттер чыгарып, шугулданып жатышат?

– Мен бул маселе боюнча бир нече бизнесмендер жана фискалдык кызматтарда мурда иштеп кеткен жетекчилер, бөлүм башчылар менен аңгемелештим. Бир бизнесмен мага “Мен өзүм бизнести ушинтип баштагам. Акчам жок болгондон соң бизнесмендерге акчасын чыгарып берип, кичи бизнес кылып, акча чогултчумун. Мисалы, бул акчалардын баары ошол Дордой, Кара-Суу жана башка базарлардагы бизнесмендер чогултуп, процентке мага жана мага окшош жаш жигиттерге беришет. Биздин милдет ал акчаларды тийиштүү адресаттарга жеткирип берип, бул кызматыбыз үчүн өзүбүздүн процентибизди алабыз. Мисалы, ар бир 100 миң доллардан 1 миң доллар биздин чөнтөгүбүзгө түшөт” дейт. Бул да өзүнчө жакшы эле бизнес экен. Акча барган жактан бизнесмендер үчүн ал жактагы өнөктөштөрү товар сатып алып, аны Кыргызстанга жиберишет. Башкача айтканда, алардын айтканы боюнча бул акчалар жүгүртүүдө жүргөн акчалар болуп чыгып жатат. Бирок, бизнесмендер ушундай жолдор менен акчаларды чыгарып жаткандыгын баардык жогорку кызматтагы мамчиновниктер билишет. Ошондуктан Атамбаевдин доорунда баштыктап чыгарылган акчалардан бажы кызматынын чоңдоруна, премьер-министрге, президентке өзүнчө проценттер келип турган дешет. Мына ошентип, бул акча чыгаруучу линия өлкөнүн президентин, премьер-министрин, бажы кызматынын, чек ара кызматынын жетекчилерин жана башка мамчиновниктердин баарынын бүйүрүн кызыткан акча экен. Мамчиновниктер кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланып, коррупция, контрабанда менен алектенишип, шугулданышып келишиптир. Бул экс-президент, премьер-министр, башка мамчиновниктер да өзүлөрү акчаларын ушуга окшош жигиттердин жардамы менен ошолор аркылуу өлкөдөн чыгарып, өлкөнүн сыртынан керекке жаратышаарын айтышты. Мына дал ушул себептен экс-президент ушундай 19 жаштан 30 жашка чыга элек жаш балдар менен дос болуп, кызматташып турган дешет. Ал гана эмес, айрым учурларда экс-президент алар менен жолугушуп, чайлашкан учурлар болуптур. Чай ичкенде, коопсуздук кызматынын жетекчилери чай куюп, контрабандисттерге кызмат көрсөтүп турушчу дешет. Эң негизгиси, ошол эле уйгур жигиттер өлкөнүн башка да толгон-токой бизнесмендерине акча чыгарып берип жүргөндүгү анык болуп жатат. Ошондуктан, коррупциянын өлчөмү өтө чоң болуп жатат. Ошентип, Э. Байсалов менен А. Токтакуновдун материалы Атамбаевдин мезгилинде өлкөнүн айрым жетекчилиги контробанданы “крышевать” этип, контробандисттердин кызматынан пайдаланып, өлкөдөн акчаларын чыгарып, шугулданып жүргөндүгүнүн бетин ачып жатат.

Маектешкен: Н.Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу