Табылды Акеров, саясат таануучу: “Коопсуздук кеңешинин отурумунда тоо-кен тармагындагы коррупциялык схемалардын жүзү ачылып, коррупционерлерге сокку урулду”

Кечээ 2019-жылдын 30-январында президент С. Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Күн тартибинде бир эле «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралды. Коопсуздук кеңешме кызуу өттү. Мунун өзү Коопсуздук Кеңеши акырындык менен мамлекеттик маанилүү маселелерди караган жана чечкен өзгөчө органга айланып баратканын көрсөттү.

Кеңешменин катышуучулары тоо-кен тармагындагы абал, коррупциялык көрүнүштөр, аларды жоюунун жолдору ж. б. маселелер боюнча пикир алмашышты. Коопсуздук Кенешинин бул отуруму өтө кызуу өттү. Кеңешмеде УМКК төрагасы И. Кадыркулов, Генералдык прокурор Ө. Жамшитов, Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Э. Осмонбетов, экотехинспекциянын директору Ж. Жунушев ж. б. сөз сүйлөштү. И. Кадыркулов өз сөзүндө Атамбаевдин доорунда Д. Зилалиев Геология мамлекеттик агенттигин жетектеп турган мезгилде эң көп лицензия берилгенин билдирди. Бул көрсөткүч эгемен Кыргызстандын тарыхында берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгүн түзөрүн кошумчалады. Мекемеде манипуляцияга жол берилген, лицензияларды алып коюшкан, чакыртып алып, башкаларга беришкен фактылар көп орун алган. И. Кадыркулов Геология агенттигинин жетекчиси Д. Зилалиевдин өзү 13 кендин лицензиясына ээ болуп алганын айтты. Болгондо да алардын бешөө алтын кендери экени белгилүү болду. Генпрокурор Ө. Жамшитов Зилалиевдин мезгилинде тоо-кенге эч тиешеси жок, мурда милицияда иштеп кеткен Жумаев деген адамга 41 алтын кенинин лицензиясы берилип, аларга монополия кылып алганын кабарлады.

Президент С. Жээнбеков Генпрокурор, Комитеттин жана экотехинспекциясынын жасаган докладдары жана билдирүүлөрү боюнча кемчиликтерин айтып, өзүнүн баасын берди. С. Жээнбеков 25 мүнөт доклад жасаган Комитеттин төрагасы Э. Осмонбетовдун ишин канааттандырарлык эмес деп баалады. “Тилекке каршы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине тийиштүү көңүл бурулган эмес. Тескерисинче, жер казынасын пайдалануу чөйрөсү акырындап мамлекеттик көзөмөлдөн чыгарыла баштаган. Натыйжада азыркы учурда тоо-кен өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча тармактарда курч маселелер жаралды», — ​деди ал. Президент С. Жээнбеков лицензия берүүдө көп учурда мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбастан, тескерисинче тар чөйрө, айрым адамдардын кызыкчылыгына артыкчылык берилген фактылар аз эмес экендигин белгиледи. Лицензиялардын колдон колго сатылып, алып сатарлык күчөгөнү, аларга коррупциялык схеманын негизинде айрым адамдар монополия кылып алган фактылар бар экенин айтты. Маалыматка ылайык бир эле адам 41 кендин лицензиясына ээ болуп алган. Мунун өзү Комитетте коррупция бар экенинен кабар берет деп белгиледи С. Жээнбеков. Ошого Президент С. Жээнбеков лицензияларды инвентаризациялоо боюнча тапшырмаларды берди.

С. Жээнбеков генпрокурор, экотехинспекция ж. б. структуралардын иштерине да көңүлү толбогонун ачык айтып, булар менен болгон мурдагы жолугушууларда айтылган тапшырмалар али аткарыла элек экенин белгилеп, абалды тез арада оңдоону тапшырды. Комитеттин жетекчилери, кызматкерлери өзүлөрү жеке компаниялардын отчетторун жазып, бизнесмендерди тооруп, өзүлөрү коррупцияга чырмалышып калгандыгы тууралуу фактылар бар экендигине токтолуп, мындай терс көрүнүштөрдү тез арада жоюуну талап кылды. Башка структураларда деле абал ошондой экенин белгиледи, ошондуктан докладдар да өтө чийки болуп жатканын белгиледи. Эгер иш оңолбосо, Комитеттин жетекчилерин, анын кызматкерлерин толугу менен кызматтан кетирип, жаңыларды алыш керек экенин белгиледи.

С. Жээнбеков сөзүнүн акырында жергиликтүү бийлик, сот, прокуратура, ички иштер ж. б. мамлекеттик органдарына кен иштетүү маселесине келгенде өтө так жана бардык мүмкүнчүлүктөрдү, тажрыйбаны колдонуу менен туура түшүндүрмө иштерин жүргүзүү ылайык экенин айтты. Жергиликтүү эл менен туура багытта иш алып баруу керек экендигин эскертти. Бүгүн биз бардык тажрыйба, мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалануу менен «жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табышыбыз керек», — ​деп сөзүн жыйынтыктады С. Жээнбеков.

Табылды Акеров, саясат таануучу

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу