Табылды Акеров: «Бүгүн биздин коопсуздугубузга өзүн «долларовый мультимиллионер» атаган адам шек келтирип жатат…»

— Табылды мырза, өткөндөгү маегиңизде Кыргызстандагы 2 революциянын себеби А. Акаев да, Бакиев да саясий партияларды тийиштүү деңгээлде өнүктүрбөй, алардын толук кандуу өнүгүшүнө тоскоолдуктарды кылгандыгынан келип чыккан деп айткансыз. Ушундан улам сизге биринчи суроом, Акаев да, Бакиев да эмне себептен саясий партиялардын өнүгүшүнө тоскоолдук кылышкан?

— Цивилизациялуу алдыңкы коомдордун дүйнөлүк тарыхы жана тажрыйбасы далилдеп тургандай, саясий партиялар өлкөнүн саясий аренасына бир адамдын жеке башкаруусуна, анын бийликти монополиялап алуусуна байланыштуу пайда болгон. Өлкөдөгү таасирдүү инсандар, адамдар королдун же падышанын монополиялык бийлигин ооздуктоо үчүн ар кандай саясий бирикмелерге чогулушкан. Алгач клуб болуп түзүлгөн. Кийинчерээк өзүлөрү туу туткан бир идеологиянын тегерегине биригишип, саясий партияга айланышкан. Мына ошонун негизинде монарх менен саясий партиялардын ортосунда күрөш жүрүп, монарх дайыма өзү каалагандай толук кандуу бийлик жүргүзүү үчүн бийликтин контролдук пакетин өз колунда кармап турууга аракет кылган, ал эми саясий партиялар анын бийлигин Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде ыйгарым укуктарын азайтып, аны алсыздандырып, Англиянын королевасынын абалына алып келүүгө аракет кылып келген. Ошого Акаев да, Бакиев да өтө таасирдүү болуш үчүн дайыма бийликтин контролдук пакетин өз колдорунда кармап турууну туура көрүшкөн. А. Акаев Конституциянын негизинде өлкөнүн парламентинде саясий партияларга 15% гана берген. К. Бакиев болсо өзү 1 күндө түптөгөн «Ак жол» партиясына административдик ресурсту пайдаланып парламенттен 71 мандат алып берип, контродук пакетке ээ болуп алган.

— Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаева КСДПга контролдук пакетти алып бере алган жок го?

— Р. Отунбаева УӨ төрайымы катары өз вазийпасын туура аткарган. Анын негизги милдети жаңы Конституцияны кабыл алуу жана демократиялык негизде парламенттик шайлоолорду өткөрүп берүү болгон. Себеби, ал кезде революция болуп, бийлик кулап, Конституция иштебей, бийлик, парламент өлкөнү контролдой албай, этникалык конфликт өкүм сүрүп, мамлекет кыйроо абалына туушугуп калган учур болчу. Ошого Р. Отунбаеванын учурунда демократиялык негизде шайлоолор болуп, парламентке 5 партия келген.

— Диверсант деп душманды айтат. Акыркы мезгилде экс-президент А. Атамбаевдин мурдагы аракеттерин диверсия катары баалап жатышат. Атамбаев эмнесинен жазды эле?

— Экс-президент А. Атамбаев Р. Отунбаеванын коомду демократиялаштырууга багытталган бардык аракеттерин жокко чыгарды. Ал парламенттик шайлоолорго 6 ай калганда КСДПга клон партияларды түзүп, аларды парламентке сүйрөп кирип алган. Эски саясатчылардын топтомун күч менен чоң саясаттан сүрүп салган. Ошентип, ал парламенттеги көпчүлүк мандаттарды КСДП жана анын клондорунан болгон «Өнүгүү» жана «Кыргызстан» партияларынын ортосунда бөлүштүрүп, контролдук пакетке ээ болуп алып, өлкөнү кайра эле монархиялык бийликке алып келген. Клон партияларга саясатта тажрыйбасы жок, бизнес структурасындагы адамдар келген. Алар бийлик үчүн токулган мыйзамдарга жана чечимдерге добуш берүүчүнүн гана ролун аткарып калган. А. Атамбаев бул абалды жакшы билген. Ошондуктан, ал өз мезгилинде өлкөнүн 5 Кодексине жана 2 мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, парламенттен күч менен өткөртүп алып, анан алардын ишке кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 1-январына чегерип койгон. Өз мөөнөтү бүткөн учурга бекитип койгон. Сабатсыз парламенттин айынан бул Кодекстер жана мыйзамдар ишке кирээри менен коомчулуктун катуу талкуусуна кабыл алынып жатат. Булардын чийки экени жана өлкөнүн башка мыйзамдарына карама-каршы келип жатканы анык болуп олтурат. Конституциянын нормалары да өлкөнүн мыйзамдары менен шайкеш келбей жатканы байкалууда.

— Кыргызстанда 300дөн ашуун саясий партия бар дешет. Кичинекей өлкөгө мынчалык көп сандагы партиялар канчалык керек? Булар коомду өнүктүрбөй эле, тескерисинче артка тартып жаткан жокпу? Дүйнөлүк коомчулуктун алдында бийликке басым жасоочу курал катары колдонулуп жатышкан жокпу?

— Кыргызстанда саясий партиялар ар кандай негизде түзүлгөн. Мисалы, алардын бир тобу идеологиялык негизде түзүлүп, нукура өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй саясий биримдик болуп калыптанууга аракет кылууда. Экинчи бир тобу бир саясатчынын атына жалгап жана коомго таасирине байланыштуу, үчүнчүсү кландык негизде, төртүнчүсү–регионадык, бешинчиси–коммерциялык негизде түзүлгөнүн байкоого болот. Булардын биринчи топтон башкасынын баарын, коомдун өнүгүшүнө позитивинен, негативи көп болуп жатканы байкалат. Кыргызстанда саясий партиялардын рыногу бар. Чоң саясатка баргыңыз келсе, партия сатып алсаңыз болот. Акчасын жакшы айтсаңыз, партиянын ээси аны сизге өткөрүп берип басып кетет. Баштапкы баасы партиянын Минюсттан каттоодон өткөн жылына жана саясий процесстерге, шайлоолорго катышканына байланыштуу бычылат. Мисалы, бер жагы 500 миң сомдон 1 миллион долларга чейин сурашат. Ошого көбүнчө коммерциялык негизде түзүлгөн саясий бирикмелер көп десек болот.

— Мунун баарын оңоп, иретке келтириш үчүн эмне кылуу керек? Кандай жолдору бар?

— Бул абалдан чыгуу үчүн «Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү абзел. Бул мыйзамга бир нече жаңы нормалар киргизилиши керек. Биринчиден, Кыргызстанда дүйнөдө адам баласынын өнүгүшүнө зыян алып келбейт деп таанылган саясий партиялардын идеологиялары мыйзамдуу түрдө таанылып бекиши керек. Алар белгилүү. Мисалы, коммунисттик, социалисттик, демократиячыл, республикачыл, либералдык, улуттук кайра жаралуу, жашылдар, элет (же агрардык). Экинчиден, Кыргызстанда өзүнүн идеологиясы бар саясий бирикме гана саясий партия деп таанылат деген норма кириши керек. Кыргызстандагы ар бир саясий партия өзүнүн идеологиясы болушу абзел деп таанылышы керек. Үчүнчүдөн, парлементтик жана жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолорго катышуучу саясий партия кеминде 11 жыл өзүнүн идеологиясынын негизинде аракетте болушу абзел деген норма киргизилиши тийиш. Шайлоолорго чейин 11 жыл мурун Минюсттан каттоодон өткөн саясий партиялардын арасынан өзүнүн идеологиясы бар саясий бирикмелерге гана шайлоолорго катышууга уруксат берүү нормасы кириш керек. Төртүнчүдөн, саясий партиянын идеологиясы анын аталышына уйкаш болуп, анын аты да бирикменин идеологиясын чагылдырып турушу абзел. Мисалы, Кыргызстандын коммунисттик саясий партиясы дегендей. Ошондо Минюст Атамбаевдин дооруна чейинки саясий партиялардын каттоодон өткөн убактарын тактап, кайсынысынын идеологиясы бар же жок экенин аныктап, коомчулукка маалымдап чыгат. Мисалы, биз билгенден андай саясий партияларга Кыргызстандын коммунисттик партиясы, «Ата-Мекен» социалисттик партиясы, КСДП, КДК (ДДК), «Таза коом» республикачыл саясий партиясы, «Жашылдар», «Асаба» (улуттук кайра жаралуу партиясы) ушул сыяктуу партияларды атасак болот. Бул партиялардын аталышы эле анын идеологиясынан кабар берип турат. Мына ушундай негизде саясий партиялардын ичинде ревизия кылып, анан буларды кайрадан эволюциялык өнүгүү жолуна алып келүү керек. Бүгүнкү саясатчылардын баарына эски партиялардын идеологиясына жараша мүчө болуп кирүүгө бирдей мүмкүнчүлүк түзүү керек.

— Аталышында өзүнүн идеологиясы чагылдырылган гана классикалык аталыштагы партияларды тандап алышы керек деп жатасыз. Мисалы, Кыргызстан элдик республикачыл партия сыяктуулар бар да?

— Эгерде мындай жол менен партияларды иргеп албасак, биз кайра эле партиялардын санын көбөйтүү жолуна түшүп алышыбыз мүмкүн. Андай болсо, сиз мисал кылгандай аталыштагы башка партиялардын баары шайлоого катышууга укук алып калат. Саясий партиялардын саны көбөйөт. Анан кайра эле бийлик дежур же клон партияларды жаратты деп шайлоолорго ишенич артпай, парламенттин сапаты бүгүнкү деңгээлден көтөрүлбөйт. Биз жогоруда айтылган жол менен өлкөнү көп проблемалардан арылтабыз деп ойлойм. Биринчиден, партиялардын саны кескин түрдө азаят. Шайлоолорго 5–7 гана партия катышууга мүмкүнчүлүк алат. Партиялардын санынын аз болушу бардык саясатчыларды идеологиясы өзүнө жаккан партиялардын тизмесине кирүүгө мажбур кылат. Саясатчылардын бири да бул партияларды өзүнүн менчиги катары монополия кыла албайт. Мурдагыдай тизмени кландык же регионалдык негизде түзүү жокко чыгат. Түндүк–түштүк маселеси жоюлат. Ар бир партия өзүнүн идеологиясы бар саясий биримдикке айланат. Өлкөдө идеологиялык негиздеги саясий конкуренцияга жол ачылат. Мурдагыдай клон партияларды же кландык же регионалдык кызыкчылыктагы саясий бирикмелерди жаратуунун кажети жок болуп калат. Мамлекеттик жана саясий партиялардын кадрларды тарбиялоо иши турукташат. Парламенттин курамынын сапатын алда канча оңоого жетишебиз. Нукура элдин камында аракеттенген парламентарийлерди тарбиялап чыгарууга мүмкүнчүлүк алабыз. Саясий партияларга бирдей мүмкүнчүлүк жана саясий конкуренция камсыз кылынат. Президенттик жана парламенттик шайлоолор нукура саясий конкуренциянын негизинде өткөрүлөт. Президент болуп ошол эле партиялардын биринин шайлоолорду утуп чыккан өкүлү болот. Ал парламент менен өз ыйгарым укуктарында иштеше берет. Ал эми парламент да өз ыйгарым укуктарында аракетте болот. Өлкөдө саясий туруктуулук орнойт.

 Айрымдар Кыргызстанга батыштагыдай саясий партиялардын кандидаттары жер-жерлерден шайланып келиши керек деп жатышат. Батыштын тажрыйбасын колдоонуу канчалык туура болот?

— Анын бир аз кооптуу жагы бар. А. Акаев мөөнөтү аяктап баратканда «Алга Кыргызстан» партиясын түзүп, дал ошол жол менен саясий партиялардын кандидаттары жер-жерлерден шайланып келсин деген ыкма менен бийликтин контролдук пакетине ээлик кылып алууга аракет кылган. Бирок, бул аракети аны биротоло бийликтен кетүүгө аргасыз кылган. Батышта электорат өзүнүн жогорку деңгээлине жараша добуш берет. Бизде болсо, лидерге, кландык, регионалдык өзгөчөлүккө жараша добуш беришет. Айыл лидерлери, махалля башчылары ар бир партияга добуштарды бөлүп шайлоону өткөрүп коюп жаткан фактылар өтө эле көп. 2005-жылы шайлоолордо «Алга Кыргызстан» уткан менен оппозиция лидерлерин электорат катуу колдоп, Акаев бийликтен жылбышкан.

— Бирок, курултайчылар көп мандаттуу шайлоо системасына өтүп, жер-жерлерден да саясатчыларга шайланууга укук берилиши керек деп жатышат го?

— Ооба, бирок мен бул сунушту колдобойм. Себеби, бул Авганистандын вариантына өтө жакын. Көп мандаттуу системага өтүүнү биринчи кезекте олигархтар каалап жатат. Курултайчыларды адаштырып жатышат. Бул жерде биз бир нерсени түшүнүшүбуз керек. Кыргызстан өнүгүп жаткан өлкө. Күндөн күнгө өлкөдө байлардын саны өсүп жатат. Мага бирөө айтат «бир кыргыз бизнесменинин Тынч океанда эки танкери бар экен» деп. Аны менен ал күйүүчү май ташып, бизнес кылат экен. Аты-жөнүн да айтты. Балким бул чындыр. Мен аныктабадым. Маселе анда эмес, маселе башкада. Бүгүн биздин коопсуздугубузга өзүбүздүн арабызда эле жүргөн өзүн «мультидолларовый миллионер» деп тааныштырган адам шек келтирип жатат. Түндүк-түштүк маселеси козголуп жатат дегендей. Өзүн миллиардер катары көрсөткүсү келген бизнесмен өлкөгө кире албай, акмалап сыртында жүрөт. Дагы бир топ убакыттан кийин мындай бай адамдар өтө эле көп болот. Анан булар өз райондорун, областтарын контролго алып алышы мүмкүн да. Ошентип, булар Кыргызстанды Афганистанга же Чечняга айлантышып коюшу мүмкүн. Себеби, булар мамлекеттик кызыкчылыкта эмес, жеке кызыкчылыкта ойлонушат жана аракеттенишет. Мына дал ошондуктан, олигархтар көп мандаттуу шайлоо системасына кайрылалы деп жатышат. Анткени булар партиянын тизмеси менен барып, партияны финансылап, кармап туруу үчүн акча коротуп, шайлоолордо анын рекламасы үчүн сарп болгулары келбей жатышат. Антип убара болгончо, өзүмдүн кичи мекенимдеги туугандарымдын, жердештеримдин добуштарын сатып алып келип депутат болуп алганым артык деп жатышат. Мындай жол менен булар өздөрү жана тукуму үчүн өз шайлоо округдарына монополия кылып, түбөлүк Афганистандагыдай эмирге айланууну көздөп жатышат. Кыргызстан Афганистандын таз кейпин кийип калгыча, саясатчылар өз ара курулай тирешүүнү токтотуп, компромисске барышып, абалды оңдоолору тийиш. Кыргызстанда бүгүн саясатчылар өлкөнүн жана элдин келечеги үчүн компромисске келүүчү мезгил келип жетти. Эгерде алар чындап эле өлкөнү туңгуюктан чыгарууну көздөшсө, анда компромисске келишип, бир багытта чогуу-чаран аракеттенүүлөрү керек.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу