Табылды Акеров: “Атамбаевдин делитанттарынын демилгеси менен киргизип, кабыл алынган мыйзамды жокко чыгарыш керек”

NazarNews.kg  маалымат агенттигине саясат таануучу Табылды Акеров элди тынчсыздандырган жаңы жылдан кийин күчүнө кирген мыйзамдар тууралуу оюн билдирди.

 -Табылды мырза, жаңы жылдан кийин  күчүнө кирген мыйзамдардын ичинде коомдук жайларга түкүрсөң 5 500 сом айып салынганы коомдук талкуу жаратып, түрдүү пикирлерге жем таштады. Бул маселе боюнча  кандай пикирдесиз?

-Менимче, Кыргызстанда акыркы кабыл алынган мыйзамдардагы нормалар Атамбаевдин делитанттарынын демилгеси менен киргизип, кабыл алынган. Бул нормаларды ар кайсы өлкөлөрдү изилдеп, ошолордогу нормаларды чогултуп, анан өзүнчө мыйзам кылып койгондой сезилип жатат. Ал эми бул кыргыз коомчулугунун турмуштук реалдуулугуна туура келеби-келбейби, мыйзамдын авторлорунун башы ооруган эмес. Башкысы, биз бул мыйзамдардын бар экенин эч билген эмеспиз. Алар жөнүндө өзгөчө деле сөз болуп, кандайдыр бир талкуу болуп, пикир алмашуу болгонун укпаптырмын. Бирок, бул мыйзамдар Атамбаевдин доорунда кабыл алынып, алардын ишке кирүү мөөнөтү, кийинки президенттин мөөнөтүнө туш болуп калыптыр. Анан Кыргызстанда түкүрүү мыйзамдаштырылганын 2019-жылдын 1-январында гана билип олтурабыз.

Жол эрежелерин бузгандардын айып пулу эселеп жогорулаганы туура эле болгонбу же бул жерден да аша чаап кетишкенби?

— Жол эрежелери боюнча, авто унаа боюнча мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирүү мөөнөтүн гана күтүп жатканын эми билип олтурабыз. Демейде, мыйзам кабыл алынаарда адеп дайындыктар көрүлчү эле да. Коомдук угуулар болуп, ага эксперттер катышып чоң талкуулар болчу. Эмнегедир бул мыйзамдардын кабыл алынганын эч ким билбептир. Көп жеринен аша чаап кетишкен. Бул айып пул жогорулагандын запкысын башкалар эмес, карапайым эл тартат. Элдин андай чоң суммада айып пул төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок.

 -Эмне үчүн бул мыйзамдардын кабыл алынганы мурда маалымдалган эмес ?

-Бул жерде бир нече себептер болсо керек. Биринчиден, балким бул мыйзамдарды кандайдыр бир грантты алыш үчүн кабыл алышкандыр. Мисалы, биз элибиздин турмушун өзгөртөлү деп жатабыз, ошого бизге грант берсеңиздер, биз тийиштүү мыйзамдарды кабыл алат элек дешкендир. Анан мыйзамдарды кабыл алып, ал эми аны реализациялоону кийинки президенттин мөөнөтүнө байлап коюшкан. Эгер элге жакпай калса, бардык балээ жаңы президентке тийсин деп. Башкача айтканда,  бул бомба экен да. Балким, бул мыйзамдар бомба дагы болуп калышы мүмкүн  да. Мына коомчулук жарылып кетти. Атамбаевдин бийлиги мына ушундан чоочулап, киийнки президенттин тушунда күчүнө кире турган кылып коюшкан. Алар кооптонгондой эле эл даро реакция берди. Терс реакция бергендер да аз эмес.

Балким мындай мыйзамдар башка өлкөлөрдө да бар чыгаар? Мүмкүн ушул мыйзамдын күчү менен түүкрбөй маданияттуу болгонду үйрөнөрбүз…

-Ооба. Бекеринен кабыл алынган жок го. Жогоруда айттым го, башка өлкөлөрдөгү мыйзамдарындагы нормалардын жыйындысы болушу мүмкүн деп. ММКлар Сингапурда бар деп жазып чыгышты го. Бирок, бул өлкө диний конфессияларга өтө бай констасттуу өлкө. Анда даоцизмдегилер (11%), христиандар (18%), мусулмандар (14%), иудейлер (5%) толгон токой диний конфессиялардын өкүлдөрү жашайт. Бул өлкөдө динге ишенбегендер 18% түзөт. Бул жерде түкүрүү айыбы 200 доллар. Бирок, айлык акы биздикинен жогору экен. Менимче, Кыргызстанга түкүрүү мыйзамынын кереги жок болчу. Жогоруда айтпадымбы, бул мыйзамдар Атамбаевдин делитантттарынын доорунда жазылган. Бул мыйзамдардын авторлору эч ким менен кеңешишкен эмес. Жогорку Кеңешти мажбурлап эле кабыл алып коюшкан. Кыргызстанда мусулмандардын проценттик катышы өтө жогору. Жок эле дегенде 70% дан жогору. Исламда обу жок түкүрүнүү адептүүлүккө, маданияттуулукка жатпайт деп кабылданат. Ошондуктан, Коомчулукка ушундай негизде пропаганда кылып, балдарды кичинесинен эле жаңы нукта тарбиялоо чоң таасир бермек. ТВ жана башка ММКларда дайыма адеп –ахлак, таалим –тарбия жөнүндө сөз кылганда, исламдын позитивдүү норомаларын колдонуп, аракеттенсе, көбүрөөк эффект бермек деп ойлойм. Менимче, түкүрүүнү мыйзамдаштыруу туура эмес. Бул мыйзамды алып салуу керек. Себеби, Кыргызстандыктардын ббу жок  түкүрүүнү мыйзамдаштырбай эле жеңүүгө кудурети жетет. Чет жактагы мыйзамдардагы нормаларды тикелей эле көчүрүп, элдин кыжырын келтирбей, ата-бабалар киргизип кеткен адеп-ахлак нормаларын жана бардык мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонууну да үйрөнүүбүз керек. Атамбаевдин түкүрүүгө айып салган мыйзамын жок кылыш керек.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу