Таабалдиев: Журналисттерге атаандаштар көбөйдү

Бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстанда басма сөз жана маалымат күнү. Бул күндү эгемендикке жетишкен ар бир өлкө өз басма сөзүнүн пайда болуш тарыхына, мезгилине ылайык, ар башка күндө белгилөөгө өтүшкөн. Кыргыз Республикасында басма сөз күнү жыл сайын 7-ноябрда белгиленет. Бул датада алгачкы улуттук «Эркин-Тоо» гезитинин биринчи саны чыккан.

Журналистер көп маселени ачыкка чыгарып коррупция менен күрөшүүдө, адилеттүүлүккө жетүүдө өз салымын кошуп келишет, ошол эле учурда бул кесиптин жоопкерчилиги да оор экени талашсыз. Бул тема алкагында Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин жетекчиси, журналист Кубанычбек Таабалдиевге “Күн чабыт” программасында суроо узаттык.

Марал: Майрамыңыз менен куттуктайбыз! Дароо эле ток этерин сурагым келип жатат, бийлик алмашкандан бери, деги эле акыркы жылдары кыргыз журналистикасында өзгөрүүнү, өнүгүүнү байкап жатасызбы?

Кубанычбек Таабалдиев: Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери бир топ өзгөрүүлөр болду. Анын биринчи себеби демократиянын өнүгүүсү, экинчиси аны коштоп жүргөн сөз эркиндиги десек болот. Эгер сөз эркиндиги болбосо коомдун азыркы абалына жетүүсүн элестетүү кыйын болмок.

Акыркы жылдарды алсак, азыркы бийликтин келиши менен жалпы коом ичиндеги өзгөрүүлөр, жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон мамиле да өзгөргөнүн ачык көрүүгө болот. Буга чейин ЖМКлардын ичиндеги иштер “өйдө жактан” келе турган көрсөтмөлөр менен жасалып келсе, азыр көпчүлүгү ээн-эркин иштегенге көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышты. Мисалы, КТРКнын азыркы көрсөтүп жаткандарын карасак, мурдагыдай бир тараптуу маалыматтар дээрлик жокко эсе. Аны менен кошо бийликке жандабай, ага каршы тап көрсөтө турган маалымат каражаттары да пайда болуп жатат. Анын көрүнүктүүсү катары “Апрель” телеканалын айтса болот. Бул жагынан алганда маалымат каражаттарынын өнүгүү шарты аябай жакшы.

Марал: Журналисттер мамлекеттик чечимдерге, өзгөрүүлөргө канчалык таасирин тийгизип жатат? Мисалы, бир иликтөө материалынан кийин ошол маселеге көңүл бурулуп, чечилип кеткен учурларды айта аласызбы?

Кубанычбек Таабалдиев: Журналисттердин ишинин акыбетин көрөбүз деп ишенгендердин үмүтү азырынча ишке ашпай жатат. Бирок “Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти болгон Уланбек Эгизбаевдин жасаган иликтөөлөрү аябай чоң резонансты жаратып, ал тургай бийлик органдарынын кылмыштуу иштерди тезирээк иликтеп чыгып, мыйзам чегинде жоопко тартууга баргандай учурларды көрүп жатабыз. Демек, бул үлгүнүн негизинде Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын таасири күчөп бара жатат деп айтса болот. Бирок ошол эле учурда, андай иштерге барган журналисттердин коопсуздугун камсыздай турган шартты түзүү зарылдыгы бар экени, Уланбек Эгизбаевдин жаш кезде каза болуп калганы күмөн жаратканы далилдеди.

Марал: Журналисттерге укук берилди, эркиндик бар, бирок журналисттик этика, жоопкерчилик сакталып жатабы?

Кубанычбек Таабалдиев: Бул бир эле Кыргызстандагы маалымат каражаттарына эмес жалпы дүйнөдөгү ЖМКларга тийиштүү болгон чон маселе. Социалдык тармак күчөгөн сайын, аны күчөгөнүн шаардагы, өнүккөн региондордо жашаган адамдардын заманбап смартфондорду көтөрүп, бир топ маалыматтарды журналисттерге атаандаш негизде жарыялашып жатканынан көрүүдөбүз. Ошого байланыштуу журналисттердин атаандаштыгы өз ара эле эмес, коомдогу маалыматка ээ болгон активдүү жарандар менен жүрүшү керек болуп калды. Анын үстүнө алар журналисттерге караганда турмушка көбүрөөк аралашканга байланыштуу көп кырдуу, кызыктуу нерселерди чыгарышат.

Ошол себептен да бүгүнкү күндө сапаттуу маалыматты, ыкчамдыкты, эң негизгиси фактыларга таянган акыйкаттуу, бардык тараптуу маалыматты жеткирүү зарыл болуп жатат.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу