СҮРӨТ-Эркек балалуу болгусу келген ата-эне төрөгөн кызын тикендүү бадалга таштап салышты

Уулдуу болууну каалаган ата-эне дүйнөгө кыз келгенден кийин ачууга алдырып, аны тикендүү бадалга таштап салышат. Тул тууралуу The Sun басылмасы кабарлайт.

Окуя Индиянын Гуджурат штатына караштуу Уна шаарында болгон.

Наристени ошол жерден кокусунан өтүп бара жаткан адам куткарып калган. Ал кыздын ыйлаган үнүн угуп, бадалдын арасынан наристени алып чыгат.

Тикенек бир нече жерин тилип кеткен ымыркай кансырап жаткан болот. Бирок, мунун баарына карабай, ал аман калган. Күбөлөр тез арада куткаруучуларды чакырышкан. Ал эми кызды текшерип чыккан дарыгерлер абалы бир калыпта экенин кабарлашат.

Бул окуядан кийин полиция кыздын ата-энесин издөөгө киришет. Алар жубайлар наристени атайын таштап жиберишкен деп болжолдошот.

Себеби, Индияда кыздуу болуу – каргышка калган менен барабар. Ата-энелердин басымдуу бөлүгү келечекте тойго кетчү чыгымды ойлошуп кыздуу болууну каалашпайт. Ал эми индустар уул карыганда камкор болот деп эсептешет.

Булак: «chabarman.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу