Сүрөт — Экс-судья Эмилбек Мамытовдун көз боёмочулук, баскынчылык жоруктары…

Турмушта түшкө кирбеген, төбө чачыңды тик тургузган окуялар арбын учурайт. Дал ошондой абалга ишкер Раджаб Абдурасулов кабылган.  Биз макалада экс-судья Мамытов Эмилбек ишкер Раджаб мырзанын кантип ишенимине кирип, сызга отургузуп кеткени туурасында кеп козгойбуз.

Элибизде «бир жолу туз-даам таткан жериңе миң жолу салам бер» деген жакшы насаат айтылат. Маңызы – ичкен кудугуңа түкүрбө, жакшылыкты жамандык менен кайтарба, адамдык касиетиңди сакта дегенди билдирет. Тилекке каршы, азыркы базар экономикасы өкүм сүргөн, алып-сатарлык, жеке кызыкчылык үстөмдүк кылган заманда ишеничти актоо, адамдык сапатты бийик тутуу дээрлик азайды. Бүгүн эле көзүңдү карап, карегиң менен тең айланган адамың эртең кас душманыңа айланып, «далыңа бычак» сайган, «бир көзүң бир көзүңө жоо» болгон доорду баштан кечирип жатабыз. Бул турмуш чындыгы экенин эч ким тана албайт. Буга ишкер Абдурасуловдун башынан өтүп жаткан окуя айкын мисал болуп берет. Эмесе сөз башынан болсун.

Ишкер Р.Абдурасулов Казакстандын жараны, ишкерликтеги өнөктөшү Архаров Эдуард экөө 2010-жылы «Транс Мониторинг Азия» аталышындагы логистика, жүк ташуу менен алектенген биргелешкен фирманы түптөшөт. Башкы директор кылып экс-судья Мамытов Эмилбек Насиповичти дайындашат.  Ал кезде Эмилбек Мамытов ишиндеги кетирген каталык-кемчиликтери үчүн 2010-жылы кызматтан куулуп, ишсиз көчөдө жүргөн болот. Дал ошол иши жок бош жүргөн Мамытовго боору ооруган ишкер 10 миң сом айлык коюп берип, «Транс Мониторинг Азия» компаниясына жетекчи кылып алат. Учурда ишкер экс-судьянын «тышкы жалтырак, ичи калтырак» экенин билбегенине өкүнүп турган чагы.

Арийне, «алма быш оозума түш» деп, кылаарга иши, салаарга кушу жок бош жатканда келечектүү компаниянын директору болуп отуруп калганын өзү жакшы түшүнбөй калган Мамытов ишкердин боорукерлигинен пайдаланып, анын ишенимине кирип үй-бүлөлүк катыш түзгөнгө чейин жетет. Өзүнүн баласын, 10го чукул жакын туугандарын  ишке алат. Алгач, баарын мыйзам чегинде, компаниянын уставынын алкагында иш жүргүзүмүш болгон менен экс-судьянын «дүнүйөнү көргөндө пайгамбар жолдон чыгыптыр» дегендей, ниет-пейили бузулуп, баарына өзү ээлик кылгысы келген жорукка барат. Кыргызда «бирөөнү сынагың келсе колуна байлык менен бийлик бер» деп бекер жеринен айтылбаганына, экс-судья Мамытовдун «боор ооруса боорго тепкен» ач көздүк жосунун көргөндө ынанасың.

Көрсө, Мамытов «Транс Мониторинг Азия» компаниясына жайланышып орун-очок алып, ишке баласын, туугандарын орноштурат. Ал ортодо 2012-жылы ишкер россиялык өнөктөшү Куриленко Виктор Николаевич менен биргеликте «Меридиан-Логистик» компаниясын түптөйт.  Дал ушул «Меридиан-Логистик» ишканасынын Россиянын жараны Куриленкого таандык 50 пайыздык үлүшүн Мамытов өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдык тастыктоосунун негизинде тартып алат. Бул кыңыр иш билинген менен тиешелүү мамлекеттик органдар бүгүнкү күнгө чейин чара көрүшө элек.

2016-жылы ишкер Абдурасулов компаниясынын ишинин жүрүшү, алынган насыялардын максаттуу сарпталышы боюнча бир дагы документти ала албай, бул жерде кандайдыр бир туура эмес иштер жүрүп жатканын сезип, тыкыр текшерип чыгуу талабын коёт. Аудитордук текшерүүнүн натыйжасында экс-судья Эмилбек Мамытов баласы Эмилбек уулу Мырзабек экөө Абдрасуловдун компанияларынан 702 миң доллар каражат кумга сиңген суудай жок кылышып, жеке кызыкчылыктары үчүн жумшашканы аныкталган. Ага дейре Мамытов өзүнө жана үй-бүлөсүнө караштуу бир нече ОсООлорду ачып, өзү жетектеп келген Абдурасуловдун компаниялары менен иштешкен ири ишкерлер менен болгон келишимдерди токтотуп, өзүнүн ишканасы менен иштешүүнү сунуш кылып баштаган. Мындай мандемдүү жоруктары билингенден соң, 2017-жылы февралда Мамытов иштен алынат.

Ага дейре,  экс-судья Мамытов ишкер менен анын чет өлкөлүк өнөктөштөрүнө тиешелүү болгон компанияга таандык  Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсү №113, Никитина көчөсү №2 даректеринде жайгашкан 4 кабаттуу эки чоң офисттик имаратты, көз боёмочулук жол менен бирөөнү өзүнө, бирөөнү аялы Чолпон Шаршеновага каттатып алат. Азыркы тапта дал ушул эки имаратты өзүнө таандык жеке менчиги катары талашып жаткан кези. Кызыгы, экс-судья Мамытов ишкер Раджап мырзанын компаниясында үй-бүлөсү менен иштеп жатып, эки жылда кантип мындай мүлккө ээ боло калды деген суроо жаралат. Буга дейре, экс-судья катары ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан алынып бош жүрсө, мурда-кийин бизнес кылбай айлык менен жашап келсе, анан «Транс Мониторинг Азияга» директор болгондон кийин миллиондогон сом турган мүлктүн ээси болуп чыгып жатканын өзү эле шектенүү жаратат десек жарашат. Айткандай экс-судья Мамытов жана баласы Эмилбек уулу Мырзабек «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын 6 миллион 200 миң сомго сызга отургузуп, карызын бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй келет. Баласынын карызды төлөп берем деген кепилдик каттары бар. Бул боюнча укук коргоо органдары чара көрүшө элек.

Абдурасуловдун өнөктөштөрү Архаров Е.Н. жана Куриленко В.Н. укук коргоо органдары тарабынан экс-судья Мамытовго жана анын айланасындагы мыйзам бузган инсандарга  укуктук баа берилишин, ошондой эле аларга тиешелүү 4 кабаттуу эки офисттик имараттын жана уурдалган акча каражаттарынын кайрадан алардын компанияларына кайтарылып берилүүсүн  чыдамсыздык менен күтүп жаткан учурлары.

Эгерде Мамытовдун финансылык-юридикалык махинацияларын «Транс Мониторинг Азия» компаниясынын ээлери өз убагында туюп, тиешелүү укук коргоо органдарына арыз жазып, экс-судья ээлик кылып алган компаниянын мүлктөрүн камакка алдырбаганда, Абдрасулов өнөктөштөрү менен такыр сызга отуруп калмак. Албетте, азыркы кезде тарттырып жиберген мүлктөрүн кайтарып алуу боюнча Мамытовдун үстүнөн алдамчылык боюнча козгологон кылмыш ишин тергөө «Чубактын кунундай» созулуп бүтпөй келет.  Буга экс-судьянын укук коргоо тармагындагы байланыштары, таасири себеп болуп жатканын баамдоо кыйын эмес.

Ошентсе да, «шибегени капка ката албаган» сыңары, бирөөнүн мүлкүн тартып алууга байланышкан кыңыр иште Мамытов канчалык суудан кургак чыгууга аракет кылбасын, чындык ишкер тарапта экени документтер аркылуу кашкайып көрүнүп турат. Азыркы кезде, экс-судьянын укук коргоо тармагындагы байланыштары аркылуу козголгон кылмыш ишин тергөөнү создуктуруу максатында ишти улам бир органга которгон амалкөйлүгү туюкка кептелди.  Анткени ишти алгач Бишкек шаарынын Ички иштер башкармасы козгосо, андагы кылмыш ишин тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына котортот, андан УКМКга алып кетет. Учурда ишти УКМК тергеп жатат. Бирок азыркы тапта Кыргыз Республикасынын УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери ишти мыйзам чегинде иликтеп жаткан кези…

«Ууруну карма деп ууру жүрөт» болгон Мамытовдун бет тырмаган арыз-даттанууларынан Башкы прокуратура, ИИМ, Жогорку Кеңеш, президенттик аппарат тажап бүткөндөй болду көрүнөт. Эми тиешелүү органдар, мыйзам чегинде иликтеп, укуктук баасын берүүсү милдет. Анткени «мал аласы сыртында, адам аласы ичинде болгон», адамдын ишенимине кирип укугун тебелеп, мүлкүн тартып алууга багытталган максаттуу кылмыш иштерин жасагандарга «иттин өлүгү жыттанган» бул иш сабак болушу абзел.

Бүгүнкү күндө президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган максаттуу талаптарга ылайык коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мурдагы былыктуу кылмыш ишитери кайра каралып, акыйкат чечим чыгып жатканын эске алсак, Мамытовдун көз боёмочулук, баскынчылык иштерине укуктук баа берилип, тиешелүү жазасын алууга тийиш.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу