Ырчы Роза Шакирова өкүл кыздуу болду. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазып, элге сүйүнчүлөдү.
Шакирова постуна өкүл кызы Айпери менен түшкөн сүрөтүн жүктөп:
«Достор мен бүгүн аябай кубанычтамын, Айпери Эрматова сиңдиме бүгүндөн баштап өкүл апа болуп шайландым», -деп баяндама жазып, эки жашка бакыт каалады.
Өз учурунда Айпери да:
«Убагында эң жакшы көргөн эжем эле, эми минтип өкүл апа коюп алдым», -деп жаңылыгы менен бөлүштү.
Көпчүлүк эки жашка жылуу калоо-тилектерин жазып калтырышты.
БУЛАК:barometr.kg