СҮРӨТ-Орусиялык ырчы Сати Казанова Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы менен мамиле курганын ачыктады.

Орусиялык ырчы, «Фабрика» тобунун экс-солисткасы Сати Казанова Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев менен мамиле курганын ачыкка чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Сати Казанова эмне үчүн Тимур Кулибаев менен эки жолго түшкөнүн «Секрет на миллион» шоусуна келгенде айтып берген.

2011-жылы ырчынын байбача күйөрманы «Мосфильмдин» жанынан ага 3 бөлмөлүү батир тартуулаган. Үйдүн ичи дүйнөлүк белгилүү брендге таандык эмеректер менен толтурулган. Мындан тышкары бриллиант жана башка кымбат баалуу белектерди тартуулаган. Ырчы сүйүктүүсүн коомчулуктан сыр тутуп, ким экенин айткан эмес. Бирок анын сүйүктүүсү чет өлкөдө жашай турганын, Москвага иш сапары менен гана келип турарын билдирген. Көп узабай эле жергиликтүү маалымат агенттиктери Сати Казанованын сүйүктүүсү миллиардер, Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев экенин жазып чыгышкан. «Forbes» журналы Тимур Кулибаевдин байлыгын 3 миллиард доллар деп баалаган.

Эфир учурунда ырчы Тимур Кулибаевдин үй-бүлөсү бар экенине карабай мамиле курганын айткан. «Көп убакытка чейин көңүлдөш деген макамды алып жүрдүм. Ошол учурлар мен үчүн канчалык оор болсо дагы үй-бүлөлүү мырзага токол болуп тийүүгө даяр болчумун. Мен ал адамды аябай сүйгөм. Ал тургай ага бала төрөп берүүнү пландагам. Анын жанында өзүмдү назик гүлдөй сезчүмүн. Ал мага бриллиант, андан соң унаа тартуулаган. 1 жарым жылдан кийин батир белекке берген. Мен ал мырзага абдан ыраазы болгом», — деп айткан.

Ошондой эле Сати Казановага сүйүктүүсү башкалар менен мамиле куруп жүргөндүгү тууралуу кептер жеткен. Тимур Кулибаев башка аялдан никесиз балалуу болгондо ырчы аны менен мамилесин толук үзгөнүн айтып берген.

Эске салсак, Сати Казанова 2017-жылдын октябрь айында италиялык сүрөтчү Стефано Тиоццого турмушка чыккан.

БУЛАК:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу